Menu

Алмазбек Атамбаев Европа союзунун тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Федерика Могерини менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга жумушчу сапар менен келген Европа союзунун тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Федерика Могерини менен жолугушту, – деп билдирилди Президенттик официалдуу сайтында.

Жолугушуунун башында Президент Алмазбек Атамбаев Федерика Могеринини Кыргыз Республикасы менен Европа союзунун ортосундагы кызматташууну өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу үчүн “Достук” ордени менен сыйлады.

Мамлекет башчысы Федерика Могеринини жылуу кабыл алып, Кыргызстанга көрсөткөн колдоосу үчүн Европа союзуна ыраазычылык билдирди.

“Сиз Кыргызстан менен Европа союзунун ортосунда кызматташууну чыңдоого зор салым коштуңуз. Чыныгы достук маанайда болгон эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө өбөлгө түздүңүз”, -деди Алмазбек Атамбаев.

“Сиз менен Брюсселде февраль айында жолукканымда Кыргызстанга дагы бир ирет каттайм деп убада берген элем. Мурда мен Италиянын парламенттик делегациясынын курамында бар элем”, -деди Федерика Могерини.

Алмазбек Атамбаев Президент болуп турганда Кыргызстанда болуу мен үчүн зор сыймык, деп кошумчалады.

“Европа союзунун өлкөлөрүндө Сиздин лидерлигиңиз жана демократияны, пикирлердин плюрализмин жана башкаруунун парламенттик системасын өнүктүрүүгө умтулууңузду жакшы кабыл алышат”, -деп Федерика Могерини Мамлекет башчысын “ачык жана таза өткөрүлгөн” президенттик шайлоолорду ийгиликтүү өткөрүшү менен куттуктады. Ошондой эле Европа союзу жакынкы мезгилде Европа союзу менен Кыргыз Республикасынын өнөктөштүктү жана кызматташууну тереңдетүү жөнүндө жаңы Макулдашуу түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштоого даяр экендигин белгиледи.

Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоолордун жыйынтыгын күтпөстөн эле ЕС менен өнөктөштүк жана кызматташуу тууралуу жаңы Макулдашуу боюнча мандатты 9-октябрда эле ыйгарылышы Кыргызстандын демократияны жана парламентаризмди мындан ары өнүктүрүүгө ынтызарлыгына Европа союзу тарабынан көрсөтүлгөн чоң ишеним экендигин билдирээрин белгиледи.

“Акыркы жылдары Кыргызстанда шайлоо процессин жана шайлоолордун ачыктыгын жогорулатууну өркүндөтүү боюнча олуттуу иштер жүргүзүлдү. Бул Кыргызстан үчүн гана эмес, жалпы регион үчүн үлгү болуп саналат”, -деп белгиледи Федерика Могерини.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Европа союзунун ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, эки тараптуу макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү жана түрдүү тармактарда өз ара аракеттенишүүнүн келечеги талкууланды.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 + = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: