Menu

ИИМ: Дайынсыз жоголуп, Москва шаарында табылган балдар өз үйүнө кайтып келишти

Бөлүшүү:

Жакында кээ бир маалымат агенттиктеринде Гүлзат Шарипованын балдары жөнүндө макала жарык көргөн. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Макалада өз атасы балдарын уурдап кеткени, алар азыркы учурда Москва шаарында экендиги, бирок, укук коргоо органдары тарабынан эч кандай иш-аракеттер көрүлбөй жаткандыгы тууралуу маалымат жарык көргөн.

Ушуга байланыштуу дайынсыз жоголгон балдар Россия Федерациясынын аймагынан табылгандыгы, 9-ноябрь күнү жакын тууганы балдарды коштоп келгендигин билдиребиз.

Ушул тапта бир нече кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат. Мурда Ленин РИИБи Кыргыз Республикасынын жараны Сатаев Кайратка карата мурдагы аялына кол көтөргөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 234-берененин 2-бөлүмү (ээнбаштык) боюнча кылмыш ишин козгогон. Ушул жылдын октябрь айында жогоруда көрсөтүлгөн жаранга издөө жарыяланган. Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын 353-беренесине (өзүм билемдик) ылайык кылмыш киши козголгон.

Маалымат боюнча Сатаев Кайрат мурдагы аялына маалымдабастан жашы жете элек кызы менен балдарын уурдап, тиешелүү документтери жок Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарып кеткен. Ушуга байланыштуу октябрь айынын башында эл аралык издөө жарыялоо боюнча токтом чыккан.

Алынган маалымат боюнча Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын ИИМдин өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Россия Федерациясынын ыкчам бөлүмдөрү менен биргеликте Кайрат Сатаевдин жана дайынсыз жоголгон балдардын Москва шаарынын кайсыл жеринде экендигин тактоо максатында иликтөө иш-чараларын жүргүзүшкөн.

Азыркы учурда К.Сатаев Москва шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, кийинчерээк тергөө абагына которулат. Балдар Кыргыз Республикасынын элчилигинин мейманканасына жеткирилген. Ушул жылдын 9-ноябрь күнү энесинин коштоосунда Бишкек шаарына келишти. Чек арадан өтүүчү балдарга тиешелүү документтер Кыргыз Республикасынын элчилиги тарабынан жасалды. Учурда балдардын абалы жакшы. Алар психологиялык жана медициналык жактан изилдөөгө муктаж.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 7 = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: