Menu

Айтмамат Кадырбаев, Ош шаарынын мэри: “Мен маселени муштум менен чечпейм”

Бөлүшүү:

Жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев иш бөлмөсүнөн Ош шаардык кеңештин төрагасы Жапар Ормоновду сабап салгандыгы тууралуу маалымат чыкты.

—Айтмамат Тентибаевич, Ош шаардык кеңештин төрагасы Жапар Ормоновду сабаганыңызга эмне түрткү бодду?

—Бул маалымат 100% калп. Өзүм дагы ММКлардан угуп алып таң калып олтурам. Мындай окуя болгон эмес жана болбойт дагы. Мындай маалматты ким таратканы мага дагы кызык болуп жатат. Жапар Ормонов өзү чалып: «байке, биз жөнүндө ушундай ушактар гезитке чыгыптыр»-дейт. Күлкүм келди чынын айтсам. Мен маселени муштум менен чечпейм.

—Жапар Ормонов менен мамилеңиз кандай, ортодо тирешүү жокпу?

—Мен Жапар менен 2014-жылдан бери чогуу иштеп келе жатам. Менин жакын, жакшы мамилеси бар иним, кесиптешим десем болот. Биздин урушуубузга эч кандай себеп деле жок. Жапар болгону он күндөй болду, атайын доктурлардын көзөмөлүндө болуп күндүзгү текшерилүүдөн өтүп жаткан. Дарыгерлерден деле сурасаңыздар болот.

—Ош шаарында саясый абал туруктуу элеби?

—Саясый акыбалыбыз абдан туруктуу жакшы. Эл өзүнүн турмушу менен, биз өзүбүздүн кызмат менен алекпиз. Чоочулай турган эч нерсе жок.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: