Menu

Видео – Тажикстанда камактагы генералдын үйү бала бакчага айланды

Бөлүшүү:

Тажикстанда өмүр бою эркинен ажыратылган генерал Гаффор Мирзоевдин мамлекеттин карамагына алынган үйүндө бала бакча ачылды.

Өлкөнүн Жогорку соту 2006-жылы Улуттук гвардия менен Баңгизатын көзмөлдөө агенттигинин мурдагы жетекчиси Мирзоевди мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылган деп таап, мүлкүн мамлекеттин пайдасына алуу менен өмүр бою эркинен ажыраткан.

Мурдараак Куляб мамлекеттик университетинин жетекчилиги шаардын борборундагы жарым гектар жерди ээлеп турган генералдын үйүндө электрондук китепкана ачууну сунуштаган.

Бирок 10-ноябрда окуу жайдан үй оңдолуп, анда бала бакча ачылганын билдиришти. Университет жетекчилигинин айтымында, жаңы бала бакчада окуу жайда эмгектенген мугалимдердин балдары тарбияланат. «Бул имарат жаңы миссиясына киришүүгө толугу менен даяр. Үйдүн айланасындагы бийик таш тосмо алынып, аймак темир тор менен курчалды», – деп билдиришти окуу жайдан.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, жарандык согуштан кийин Гаффор Мирзоев шаардын ортосудагы жер тилкесин өзүнө алып, үйүн бийик тосмо менен курчап алган.

Учурда анын үч үй-бүлө мүчөсү — иниси Абдурасул Мирзоев, уулу жана карындашынын күйөөсү абакта камакта жатышат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − 75 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: