Menu

Орусияда тажик тектүү ырчы Манижа БУУнун ыктыярдуу элчиси болду

Бөлүшүү:

Орусияда тажик тектүү ырчы Манижа (Manizha) БУУнун качкындар иши боюнча башкармалыгынын ыктыярдуу элчиси болду. Ал уюм менен 2019-жылдын күз мезгилинен бери кызматташа баштаган.

Уюмдун Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери Динара Галахова Манижаны Орусиянын атынан элчи кылып дайындоо туралуу чечим уюмдун түзүлгөнүнө 70 жыл болгон күнү кабыл алынганын билдирди. Анын айтымында, Манижа үй-бүлөсү менен Душанбеден качып кетүүгө аргасыз болгон, ошондуктан качкындардын тагдырын жакшы билет.

“Ал бул титулга татыктуу. Ал биздин өнөктөштөр менен активдүү иштешет. Өнөктөштөрдөн ал качкындарга активдүү түрдө жардам көрсөтөрүн билдик”, -деди Галахова.

Манижа БУУнун ыктыярдуу элчиси катары качкындардын балдары менен байланыш түзүп, IT-программаларын өздөштүрүүгө, орус тилин үйрөнүүгө көмөк көрсөтөт.

Манжа “Озоди” радиосуна берген маегинде мигарнттардын балдарына жардам берип, демөөрчүлөрдү издөөгө көмөк көрсөтөрүн айтты.

“Мен үчүн мигранттарды керектүү гигиеналык каражаттар менен камсыздоого байланыштуу маселелерди чечүү боюнча иштөө маанилүү”, -деп белгиледи ырчы.

Манжа Тажикстанда жарандык согуш башталганда ата-энеси менен Москвага качып келген. Орус, англис тилдеринде эркин сүйлөйт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: