Menu

Жеке менчик клиникаларга органдарды алмаштырууга уруксат берилеби?

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңеш Кыргызстандагы жеке менчик клиникаларга адам органдарын алмаштырууга уруксат берүүнү караган мыйзамдын макулдашылган долбоорун иштеп чыгууга киришти.

2016-жылы президент коомчулуктун терс пикирин эске алуу менен парламент кабыл алган бул мыйзам долбооруна вето коюп, артка кайтарган. Бирок коомчулук өкүлдөрү мамлекет адам органдарын алмаштырууну көзөмөлдөөгө даяр эмесин жана бул мыйзам кабыл алынса, өлкөдө адам органдарын мыйзамсыз сатуунун көмүскө базары пайда болот деген кооптонуусун айтып чыгышты.

Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитетинде адам органдарын алмаштырууга уруксат берүү үчүн мыйзамда талап кылынган шарттар жана жоопкерчилик чаралары камтылары айтылды. Ошондой эле анда адам органдарын алмаштырууга укук алуу үчүн жеке менчик клиникаларга дарыгерлердин жогорку даярдыгы, заманбап медициналык жабдуулар жана лабораториясынын болушу талап кылынары белгиленди.

Парламенттин тиешелүү комитетинин төрайымынын орун басары, депутат Алмазбек Токторов адам органдарын мыйзамсыз сатууга каршы чаралар дагы анда иштелип чыгарын билдирди.

“Бирөөнүн бөйрөгүн анын эркине каршы алуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги бар. Биз адам органдарын сатууга байланыштуу беренелерди да күчөтүү жагын карап жатабыз. Ошол кодекстерге да өзгөртүүлөрдү киргизебиз. Эми буга да эрте десек, жүрө беребиз. Коңшу Тажикстанда мыйзам эчак кабыл алынып, бул тармак жакшы өнүгүп жатат. Бизде “көмүскө трансплантологдор чыгат” деп коркуп, каршылык болуп жаткан чакта биздин оорукчан жарандар коңшуларга же башка алыскы өлкөлөргө барып, органдарын алмаштырууга мажбур болушууда. Сыртка чыгуу биздин жарандар үчүн кымбатка түшөт. Алар үчүн ары-бери жолдо жүрүү да кыйынчылык жаратат. Азыр эрте деп жүрө берсек, бизде медицина өнүкпөйт”,- деди ал.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 79 = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: