16-ноябрда шаардык перинаталдык борбордо (№4 төрөт үйү) үч эм төрөлдү. Бул тууралуу аталган борбордун башкы дарыгери Жамиля Марипова журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, 20 жаштагы келин 2 кг 290 грамм, 2 кг 380 грамм, 2 кг 220 грамм салмактагы үч эркек баланы төрөгөн.
Жаш келин төрөт үйүнө кош бойлуулуктун 35-жумасында келген. Андан преэклампсия (кан басымдын 140/90дон жогору көтөрүлүшү) болгон. Дарыгерлер келинге ооруканага келген күнү дароо операция жасашкан.
Учурда эненин жана ымыркайлардын абалы туруктуу. Алар дарыгерлердин көзөмөлүндө, медкызматкерлер балдарды багууга жардам берип жатышат.
Белгиленгедей, бул 20 жаштагы келиндин экинчи төрөтү, буга чейин бир кыздын апасы болгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ