Menu

Аалы Карашев, КСДП депутаты: Өкмөттө базардагыдай божомол эмес, конкреттүү программа болушу зарыл

Бөлүшүү:

– Аалы Азимович, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлыктары боюнча аябай көйгөйлүү маселе көтөрдүңүз. Бир өкмөттүн курамындагы министрликтердин ар кимиси ар кандай айлык алганы чындыгында эле кызык экен…

– 2013-жылы мен мамлекеттик кадр кызматында иштеп турганда анализдеп көрсөк, кайсы бир мамлекеттик органга кыйын жетекчи келсе эле президентке, премьер-министрге кире коюп, өзүнүн тармагында иштеген кызматкерлердин айлыгын көтөртүп алчу экен. Чабалыраак, же тартынчаак жетекчилер иштеген мекемелердин айлыктары ошол бойдон эле кала берген. Ошол мезгилде айыл өкмөттөрүндөгү катардагы адистин айлыгы 1800 сом болчу, ал эми каржы министрлгинин катардагы адиси 14-16 миң сом маяна алчу. Социалдык тармактардагы министрликтердин, мисалы, социалдык коргоо, билим берүү, саламаттык сактоо министрлигинин борбордук аппаратында иштеген жөнөкөй адистин айлыгы 3600-4000 сом эле. Ал эми каржы министрлигинин кызматкери 16 миң сом алып атат.

Мейли, аларды да түшүнгөнгө аракет кылалы. «Бизде жумуш көп, нормага салынбаган күн болот, кечинде да калып иштейбиз» дешет. Макул, анысына 20, атүгүл 200 пайыз кошулсун. Бирок, 400 пайыз деген эмне шумдук?! Төрт эсе айрыма болбош керек да. Биз ошол маселени көтөрүп, атайын жумушчу топ иштеп, «бир айлык эмгек акынын базалык ставкасын көтөрөлү» деген сунушту киргиздик. Биз үч вариантты айттык. «Биринчиси, 5 миң сом, экинчиси, 7 миң сом, үчүнчү, идеалдуу варианты 9 миң сом кылалы» дедик. Эгер 9 миң кылсак, класстык чени, эмгек стажы кошулганда 11-12 миң сомго чейин алып калышмак. Бирок, тилекке каршы, өкмөт менен эсептеп көрсөк, бюджетке аябай эле оор болуп калат экен. 7 миң сомдон кылганда деле бюджеттик оорчулук 2,5 миллиард сомдун, 5 миңден кылганда 1,8 миллиард сомдун тегерегинде болду. Ошондо 5 миңге токтолгонбуз. 2200 сом айлык алып аткан айыл өкмөтүндөгү катардагы адистин айлыгы 200-230 пайызга, ал эми 3,5-4 миң алгандардыкы 35-40 пайызга көбөйүп, эң төмөнкү айлык 5,5-6 миң болуп калган.

Биз ар бир мамлекеттик кызматкердин жумушун баалоо боюнча жаңы бир система киргизгенбиз. Ай сайын өзүнүн бөлүмүндө, жарым жыл сайын өзүнүн министрлигинде бааланчу. Берилген тапшырмаларды убагында аткардыбы, кандай демилгелер менен чыкты, айтор, атайын критерийлерди иштеп чыкканбыз. Статс-катчы башында турган чоң комиссия бир жылдык ишин баалап, эң жогору баа алса, бир тепкич жогору кызматка конкурсу жок көтөрүлгөнгө мүмкүнчүлүк алчу. Айлыгына да беш пайыздан кошулмак. Жакшы, адептүү иштеген адис он жылдын ичинде айлыкгы башкалардан элүү пайызга көп алмак. Ал система бүгүнкү күндө деле иштеп атат. Бирок, тилекке каршы, ойдогудай эмес.

– Мындай караганда аябай адилеттүү механизм экен. Анда эмнеге жакшы иштебей жатат деп ойлойсуз?

– Бул ар министрликтин жетекчисинин, өзгөчө статс-катчынын жумушка болгон мамилесинен көз каранды. Адамдык фактор көбүрөөк деп айтар элем. «Мен жаман көрүнбөй эле коёюн, менин акчам кетмек беле, мамлекеттики кетет да» деген көз караш, теңдемечилик болбошу керек. Ар бир кызматкерге жекече мамиле кылса, анда башкача болот эле. Ошондо биз «16 миң сом алып жаткандарга мораторий кылалы, алардын айлыктарын көтөрбөйлү» деп айттык эле. Бирок, азыр деле жогору жактарга кире коюп, өзүнүн министрлигинин айлыгын көтөрүп алгандар болуп атат.

– Мисалы, каржы министрлигинде 45 миң сомдон айлык алгандар бар экен.

– Мен да ошону айтпадымбы. Депутаттар менен министрлерден да көп алышат экен.

– Тышкы карыздарды төлөө боюнча оюңуз кандай?

– Биз карыздарды эгемендүү болгондон кийин ала баштадык да. Эл аралык каржы институттарынын өздөрүнүн шарттары бар. Бирөө 0,75 пайыз менен 15 жылга берсе, бирөө 1 пайыз менен 40 жылга берген. Азыр 27 жыл өтүп, кайтаруунун убагы келе баштады. Быйылкы жылы тышкы карызга 12 миллиард сомдон ашыгырак (180 млн. доллар) төлөсөк, эмдиги жылы 14 миллиард сом (205-210 млн. доллар) төлөйбүз. Эң көп төлө-гөн учурубуз 2025-2027-жылдарга туура келет. Ошондо орто эсеп менен 400 млн. доллардан төлөшүбүз керек экен. Демек, бүгүнкү күнгө салыштырганда эки эсе өсүп атат.

– Каржы министрлигиндегилер «2025-жылга чейин бюджетибиз да көбөйөт, 400 млн. доллар өтө деле чоң сумма болбой калат» деп айтышпадыбы. Сиз ошол пикирге кошуласызбы?

– Жок, кошула албайм. Мен терең ишенем, ооба, бюджетибиз көбөйөт, экономикабыз, дүң продукциябыз өсөт. Бирок, өкмөттө базардагыдай божомол эмес, конкреттүү программа болушу зарыл. «2025-жылга тышкы карызды камсыздоо үчүн жыл сайын экономикабызды 7, же 10 пайызга өстүрүшүбүз керек» деген максатты коюубуз зарыл. Ошондо жанагы «400 млн. долларды бюджетке залалын тийгиздирбей төлөп коёбуз» деген эсептөөлөр болуш керек да. Мен ошол эсептөөлөрдү уга алган жокмун. «Канча инвестиция тартылып, канча ишкана курулат, канча жумушчу орундары түзүлөт, канча салык төлөнүп, киреше бөлүгү канчага көбөйөт?» деген суроолорго такжооп алалган жокмун. «Эчтеке эмес, төлөйбүз» деп койгон менен… А мүмкүн төлөй албай калсакчы, анда эмне болот?

Аттокур Жумаев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 − 44 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: