Menu

Казакстанда Назарбаевдин жубайынын атындагы парк ачылат

Бөлүшүү:

Акмоло облусунда Сара Назарбаева атындагы жаратылыш паркын ачуу боюнча долбоор сунушталууда. Ал Казакстан президентинин жубайы, акыркы убактарда эл алдына өтө сейрек чыгууда.

Долбоордун бет ачары грант берүүчүлөрдүн WAKE UP-2017 форумунун алкагында өттү.

“Туруктуу өнүгүү” корунун президенти Алан Бесендин билдиришинче, долбоордун максаты “Акколдогу биосфералык көп түрдүүлүктү сактоо” болуп эсептелет. Анын айтымында, жаратылыш паркы туризм тармагындагы бизнес долбоорлорду өнүктүрүүгө жол ачат.

Жергиликтүү жана республикалык деңгээлде долбоордун бет ачары өткөндөн кийин аны ишке ашыруу мөөнөтү жарыяланат.

2010-жылы июнь айында Алматыда президент Нурсултан Назарбаевдин туулган күнүнүнө карата дендропарк ачылган. Астанада жана Актөбөдөгү парктарга мамлекет жетекчисинин ысымы берилген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 − = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: