Menu

Жогорку Кеңеште «Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору талкууланып жатат

Бөлүшүү:

Бүгүн, 16-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору 3-окууда каралууда. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.

Аталган маселе боюнча Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Айтмамат Назаров баяндама жасады. Ал 14-ноябрда тиешелүү жактар менен коомчулуктагы талаш-тартыштарды жаратып жаткан “Кумтөр” кениндеги Лысый, Давыдов мөңгүлөрүн жеринен барып көрүп келишкенин маалымдады.

Мыйзам долбоорунда мөңгүлөрдүн эришин тездетүүгө таасир этүүчү көмүрдү, күлдү, майларды же башка материалдарды пайдалануучу иш-аракеттерге, ошондой эле мөңгүлөрдүн абалына таасир этиши мүмкүн болгон иш-аракеттерге жана Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүнөн тышкары муз даярдоо менен байланышкан иш-аракеттерге тыюу салынаары белгиленген.

Жыйынга чакырылган КР вице-премьер-министри Дүйшөнбек Зилалиев Кумтөр кенин иштетүү боюнча “Центтерра голд” компаниясы менен жетишилген келишимге ылайык, белгиленген төлөмдөрдү тизмектеди: онкологиялык борборго 10 млн АКШ доллары, Ысык-Көлдүн айланасындагы экологияны коргоого 50 млн АКШ доллары болуп жалпысы 169 млн АКШ доллары түздөн-түз алынат. Ошону менен катар рекультивациялык иш-чараларга каралган 69 млн АКШ долларын Кыргызстан банктарына которуу, талаптары коюлган.

Талкууда депутат Жанарбек Акаев талаш болуп жаткан 2 мөңгүнүн ушундай акыбалга келишине кимдир бирөө жооп берип-бербесине кызыгып, бул мыйзам кабыл алынса кийинки Сары-Төр өңдүү мөңгүлөрдө дагы ушундай жагдай түзүлбөйбү деген тынчсыздануусун ортого салды. Вице-премьер-министр Д.Зилалиев мыйзам долбоору алгач ирет сунушталганда аталган 2 мөңгүнүн катарына Сары-Төр мөңгүсү дагы киргендигин, ага 5-чакырылыштагы Жогорку Кеңеш каршы тургандыгын маалымдады. “Бул мыйзам долбоорунда Сары-Төр мөңгүсү кирген жок. Ал гана эмес Жер үй алтын кениндеги мөңгүлөргө тийүүгө кен иштетүүчүлөргө тыюу бар, мөңгүгө жакындаганда шахты жолу менен кен иштетилиши керек”,- дейт Д.Зилалиев.

Депутат Төрөбай Зулпукаров мындай талаш-тартыш маселелеринин чыгышына өз маалындагы бийлик органдарынын кабыл алган чечимдери себеп болуп жаткандыгын, бүгүнкү күндө аткаруу бийлиги мындай жагдайларды коомчулукка жетиштүү деңгээлде түшүндүрүү иштерин жүргүзбөй жатканын билдирди.

Мөңгүлөр кыргыз элинин мурасы экенин белгилеген депутат Наталья Никитенко мыйзам долбооруна каршылыгын белгиледи.

Суроо-жооп уланууда. Талкуу күндүн экинчи жарымында уланмакчы.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 + = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: