Menu

Атамбаев Кыргызстандын экономикасын чыңдоого кошкон олуттуу салымы үчүн мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

Бөлүшүү:

16-ноябрда, «Ала-Арча»  Мамлекеттик резиденциясында  Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин катышуусу менен  өлкөнүн региондорун социалдык-экономикалык  өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын экономикасын чыңдоого кошкон олуттуу салымы үчүн мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи өткөрүлдү. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы акыркы алты жылда кыргызстандыктардын колдоосу жана эмгекчилдиги менен өлкөнүн көптөгөн тармактарында  жакшы натыйжаларга жетишкендигибизди белгиледи.

«Эгерде 2009-жылы айыл чарба тармактарына 26,8%  менен 2,5 млрд сом кредит бөлүнсө, 2017-жылы  берилген  кредиттердин көлөмү 6 млрд сомго жетти. Болгондо дагы кредиттин орточо ставкасы 6-10 пайыздү түзөт»,- деди  Алмазбек Атамбаев.

Президент Алмазбек Атамбаев  бул цифраларды алты жылдын аралыгында жакшы жылыш болгон жок деп айткандарга жооп  кылып жаткандыгын баса белгиледи.

Президент   кечэ туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин кезектеги отурумунда өлкөнү 20140-жылдарга чейин өнүктүрүү стратегиясынын долбоору каралгандыгын эске салды. “Бул документте ирригацияны өнүктүрүү боюнча маанилүү милдеттер  белгиленген. Жакынкы жылдары биз   бул тармакка 1 миллиард сомго чейин каражат жумшайбыз. 46 ири ирригациялык долбоорду ишке  ашыруу пландаштырылып жатат”, – деп Президент  президенттик кылган жылдардын аралыгында акыркы үч жыл гана толук кандуу иштегендигин кошумчалады.

“Алгачкы жылдары иштеш абдан кыйын эле. Өлкөдө тынымсыз митингдер өткөрүлүп, мамлекеттик мекемелерди басып алуулар болуп турган. Ошондуктан карапайым эмгекчилердин, өз эмгеги менен экономиканы өнүктүрүүгө салым кошуп жаткандардын  колдоосу жок  абдан кыйын болмок”, -деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы  өткөн жылдардын бардык оор сыноолорунан өтүп, Кыргызстан эли чыйралып,  жетилгендигин өзгөчө белгиледи.

“Азыр  өлкө да, эл да башка. Оор сыноолордон өттүк. Биз кыйла бекем болуп калдык. Биздин колдон баары келет. Беш жыл мурда 2013-2017-жылдарга өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн стратегиясын кабыл алып жатканда көптөр биометриянын негизинде таза жана ачык шайлоо өткөрүүгө жетишебиз, жаңы жолдорду салабыз, чыныгы армияны түзөбүз дегенге ишенишкен эмес”, – деп Алмазбек Атамбаев   өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиясын мындан ары ишке ашырууга бекем фундамент түзүлгөндүгүн белгиледи.

“Мен өлкөнүн келечеги үчүн көңүлүм ток, анткени өлкөдө силер сыяктуу адамдар бар”, -деди Мамлекет башчысы аземдин катышуучуларына кайрылып. Сөзүнүн акырында Президент Алмазбек Атамбаев  катышуучуларды мамлекеттик сыйлык алгандыгы менен куттуктап, чың ден-соолук, узак өмүр жана бакыт-таалай каалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 − = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: