Menu

Фото –        Майлуу-Суу – Маданият автоунаа жолунда эки жаңы көпүрө ишке берилди

Бөлүшүү:

Майлуу-Суу – Маданият автоунаа жолунда жолду селден сактоочу эки көпүрөнү салтанаттуу пайдаланууга берүү иш чарасы болуп өттү. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады.

Узундугу 19 км. түзгөн Майлуу-Суу – Маданият жолундагы автомагистралда жазында жүргөн селдер көп учурда жолду бөгөп калып, айдоочулар менен жүргүнчүлөргө бир топ кыйынчылыктарды туудуруп келген. КРнын жол жана транспорт министрлиги тарабынан жолду селден сактоочу эки көпүрөнүн курулушун бүткөрүүгө ДЭП-22 жол тейлөө ишканасына  республикалык бюджеттен 6 млн. сом каражат бөлүп берген.

Көпүрөлөрдүн курулушун тендерде жеңип алган Ош шаарындагы “Элита аймак курулуш” жоопкерчилиги чектелген коомунун куруучулары көпүрөлөрдүн курулушу иштерин сапаттуу аягына чыгарышты. Эки көпүрөнү ишке берүүгө арналган салатанттуу иш чарага ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев, ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, Майлуу-Суу шаарынын мэри Нурадил Маматов, ДЭП- 22 жол тейлөө ишканасынын башкы инженери Садырбек Шайдылдаев, Майлуу-Суу шаарынын тургундары менен коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Ушундай 3 көпүрөнү куруунун көздөп жатабыз. Бул көпүрөлөрдүн курулушу Майлуу-Суу шаарынын жашоочулары үчүн гана ыңгайлуулуктарды жаратпастан Майлуу-Суу шаарындагы электр лампаларын чыгаруучу заводдун продукцияларын экспортко чыгарууда мааниси абдан чоң. Анткени заводдун продукцияларынын экспортко чыгарылып жаткан лампочкалары жолдун начардыгынан улам сапаттуулугун бир кыйла жоготуп келген. Мындан сырткары акыркы 2 жылда  6 км. жолго асфальт төшөлдү жана жыл сайын жолду асфальттоо иштери улантылат,- деди көпүрөлөрдүн ачылышындагы иш чарада сүйлөгөн ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев.

Майлуу-Суу – Маданият автоунаа жолундагы эки көпүрөнүн кызыл тасмаларын кесүүгө облустук бийлик менен шаардын жетекчиилиги жана жеригиликтүү кадырман аксакалдар катышты.  Ишке берилген эки көпүрө акжолтой болуп, Майлуу-Суу шаарынын элине көп жылдарга кызмат өтөп берсин деген аксакалдар ак баталарын беришти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: