Menu

Жалал-Абад: экстримизмге каршы бир айлык жүрүп жатат

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарында шаар бийликтери тарабынан “Ыйман – биримдиктин жана тынчтыктын өзөгү!” аталышындагы экстремисттик идеяларга, көз караштар менен аракеттерге каршы бир айлык жүрүп жатат. Ал 6-ноябрда башталса, 6-декабрь күнү аяктамакчы. Буга шаардагы бардык эмгек жамааттары, окуу жайлары жана коомдук бирикмелер тартылган. Бул тууралуу шаар мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Гүлина Базаркулова билдирди.

Анын айтымында, атуулдардын, айрыкча жаштардын арасында согуштук иш-аракеттерге катышуу максатында Сирия, Ирак сыяктуу мамлекеттерге азгырылып, чыгып кетүүлөргө, экстремисттик көз караштарга жана аракеттерге берилүү идеяларына каршы уюштурулуп жаткан бул демилге коомдун туруктуулугун бекемдөөгө багытталган.

-Бул бир айлыкта тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, айрыкча дин уюмдары биргелешип, эмгек жамааттарында, калктын максаттуу топторунда, бардык окуу жайларында талкууларды, өз ара баарлашууларды, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Биз экстремисттик көз караштарга алданып, жабыр тарткан жарандардын өз ооздорунан мунун канчалык зыяндуу экенин жарандарыбызга жеткирмекчибиз. Себеби, коомдун, мамлекетибиздин келечеги – тынчтыкта жана биздин биримдигибизде. Ошондуктан, коомду жиктеген ушундай багыттарга каршы алдын алуу иштери зарыл, – дейт ал.

Азыркы тапта шаардагы аймактык башкарууларда, окуу жайларында ар кандай иш-чаралар күн сайын өткөрүлүп жатат. Ал эми 6-декабрь күнү шаарда “Ыйман – биримдиктин жана тынчтыктын өзөгү!” деген ураандын астында жалпы шаардыктардын жөө жүрүшү, айлыкты жыйынтыктоочу массалык иш-чаралар болот.

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 + = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: