Милиция кызматкерлерине Бишкек шаарынын жашоочусу арыз менен кайрылган. Себеби, 2017-жылдын 19-ноябрь күнү Рахатбек аттуу жаран алдоо жолу менен арыздануучунун ишенимине кирип, батиримди сатып акчасын берем деп, жабырлануучудан 256 000 сом акча каражатын алып ушул күнгө чейин бербей, жашырынып жүргөн. Бул туурасында Бишек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.
Биринчи май райондук милиция кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары Бишкек шаарынын 44 жаштагы Т.Р. аттуу жараны кармалган.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесине (алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камалган.
Андан сырткары, тергөө учурунда шектүү башка кылмыш иштерине дагы тиешеси бардыгы аныкталган.
Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ