Menu

Бишкекте алгачкы жолу MUSA 2017 мусулман фото-арт көргөзмөсү жана Кадыр Маликовдун китептеринин бет ачары өтөт

Бөлүшүү:

2-декабрда А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада мусулман жаштарынын көйгөйлөрүн көтөрүү жана алардын чыгармачыл потенциалын ачууга багытында «MUSA 2017 Muslim Social Artistry» алгачкы мусулман фото-арт көргөзмөсүнө жана белгилүү ислам окумуштуусу Кадыр ажы Маликовдун жаңы китептеринин бет ачары болмокчу. Аталган иш чаралар «Umma»ислам журналы жана “Дин, укук жана саясат” көз карандысыз аналитикалык борбору тарабынан уюштурулууда.

2-декабрда саат 10.00до иш-чараны Кадыр ажы Маликовдун жакында эле жарык көргөн китеп көргөзмөсү ачат. Автор окурмандарга өзүнүн жаңы 2 эмгегин: “Мусулман жаштары: Маанилүү жана пайдалуу баалуулуктар” менен “Ислам жана мамлекет” китептерин сунуштайт. Бет ачарга келгендер Кадыр ажы Маликовго суроолорун берип, жаңы китептерди автордун кол тамгасы менен ала алышат.

“Мусулман жаштары: маанилүү жана пайдалуу баалуулуктар” китеби  бүгүнкү күндөгү мусулман жаштарынын көйгөйлүү маселелерине, XXI кылымдын ааламдашуу шарттарында баалуулуктарга багыт алууларына арналган. Анда азыркы учурда жаштарды ойго салган темалар, маселен, “бакыт”, “адилеттүүлүк”, паракорлук”, “маданият”, “заманбап мусулман үй-бүлөсү” сыяктуу бир топ маселелер так, таасын, мыкты мисалдар, статистикалык маалыматтар менен ачылган. Бул китепте мусулман жаштарынын интеллектуалдык, руханий жана адеп-ахлактары, айлана-чөйрө, коом жана мамлекет менен болгон маселелери ислам баалуулуктарынын негизинде көтөрүлдү.

“Ислам жана мамлекет” китебинде исламдын түрдүү саясий моделдер-монархиядан демократия жана социализмге чейинки түзүлүшөр менен байланышы, ошондой эле, коомго диндин таасиринин өсүп жатканын эске алып, түрдүү секулярдык моделдер менен болгон карым-катышы сыяктуу маселелер каралган.

Салыштырмалуу дискурстун негизинде автор окурмандарды салттуу мусулман өлкөлөрү болгон Жакынкы жана Алыскы Чыгыштын мисалдарында ислам менен мамлекеттин карым-катышынын түрдүү интерпретациялары менен тааныштырат.

Жогорудагы 2 китеп тең жөнөкөй, түшүнүктүү тилде жазылып, окурмандардын кенен чөйрөсүнө сунушталат.

Мусулман коомчулугунун бүгүнкү күндөгү көйгөйлөрүн жана жаштардын чыгармачыл потенциалын дагы да тереңирээк түшүнүү үчүн китептин бет ачарынан соң дароо эле MUSA 2017( Muslim Social Artistry) уникалдуу фото-арт көргөзмөсүнүн ачылышы болот.

Бул күнү шаар тургундарына коюлган эмгектердин авторлору, Кыргызстандагы белгилүү ислам окумуштуулары, чыгармачыл жана илимпоз адамдар, ошондой эле, активдүү жаштар менен жолугууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Сүрөт көргөзмөсү мындан кийинки 3 күн катары менен, 3-декабрдан 5-декабрга чейин, Ч.Айтматов жана Чүй (Филармония) кесилишинен орун алган жер өтмөгүндө уланмакчы.

Сүрөт көргөзмөсү өтүп бара жаткан “Ыйман, адеп жана маданият” жылына арналып, жаштардын өлкөбүздөгү коомдук, билим-берүү жана маданий көйгөйлөрүнө болгон жаңыча көз карашын чагылдыруу жана жаштардын чыгармачыл потенциалын ачуу болуп саналат. Сүрөт көргөзмөсүндө Кыргызстандын 3 президентинин расмий сүрөтчүсү Султан Досалиев, фотожурналисттер союзунун төрагасы Влад Ушаков, Red Jolbors жарнама фестивалында 2 жолборстун ээси Дастан Мираж, россиялык фотограф, “Жоолук бул – кооздук” долбоорунун автору Эльмира Исраилова, таланттуу фотограф жана блогер Марат Сайранбаев, “Умма” журналынын дизайнери жана архитектор Саид Бро сыяктуу жергиликтүү авторлордун эмгектери коюлат.

Сүрөт жана арт көргөзмөсүндөгү темалар:

“Ата-бабалардын рухий мурасы” (архив жана жаңы сүрөттөр) – белгилүү инсандар, оозеки чыгармачылык, мусулман салттар жана үрп-адаттары, каллиграфия ж. б.

“Жан дүйнө” (фото, плакаттар)- руханий изденүү, байкоо салуу, жан дүйнө жаңырыгы,

“Ислам Кыргызстанда” (фото, инфографика) – Кыргызстанда 26 жыл ичинде исламдын өнүгүүсү жана өзгөчөлүгү, жергиликтүү колорит.

“Мусулман жаштары: баалуулуктар жана приоритеттер” (постер, инфографика, плакаттар, фото) – жаштардын заманбап көз карашы.

“Коопсуздук жана өз ара макулдашуу” – (фото, инфографика, плакат) – исламофобия, радикализм, ксенофобия, маалыматтык согуш, гуманитардык-социалдык кризис (Африка, Жакынкы Чыгыш, Азия), инфографика “Террор 2000-2017-жж. ж.б.

Иш чара 2-декабрда саат 10.00до А.Осмонов атындагы Улуттук китепкана башталмакчы.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: