Menu

Атактуулукту, даңкты көтөрө алган инсан гана ийгиликти багынтат

Бөлүшүү:

Бүгүн Ч. Айтматов, Саякбай, Г. Айтиев, С. Чокморов, Б. Минжылкиев, Ч. Базарбаев, А. Жумакматовдор барбы арабызда? Биз кыргыздын кыраан уулдарын тарых барактарында гана окучу болдук… Улуу көчтүн жолун улай кылым залкары катары КРнын эл артисти, Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты, Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын директору Керим Тураповдун ысымын атоого неге болбосун? Бул өнөр адамы жамы журтка белгилүү. Ар бир аткаруучунун кулк-мүнөзүнө жараша обону болот. Керим Турапов аткарган ырлар жана чыгарган обондору өз мүнөзүнө окшоп олуттуу кайрыктар. Өнөр багып, эл алдында ырдап келген мейли опера жанрында болобу, мейли элдик ырлар болобу жеткиликтүү аткарган Керим аганын үнүн кызыгып укпаган кыргыз аздыр.

Баарлашууга татыктуу адам менен сүйлөшпөй коюу-демек адамды жоготкондук. Өзүнө руханий байлыкты сиңирип алчу калемгер гана сөздү да, адамды да жоготпойт. Бул талант менен баарлашуу менен аны жакындан таануу бактысы мен үчүн сыймык болду. Анткени, Кыргызстандагы опералык искусствонун кулач жайып таралышына бул инсандын салымы зор. Керим Тураповдун үнүнүн тембри лирикалык тенор, андыктан үндүн боёгу Европанын үлгүсүнө ылайык. Ал кандай гана чыгарма болбосун, кайсы образды аткарбасын көрүүчүлөрдүн эс-тутумунда кыт куйгандай калаары бышык.

Кадыр-барк кетпес дөөлөт, көрүнбөгөн бийлик

«Музыка-жападан жалгыз дүйнө тили, ага сүйлөөнүн кажети жок, жүрөктөн чыккан ыр жүрөккө жетет» деп Авербах Бартольд айткан экен. Анын сыңарындай жакшы обонду котормосуз эле түшүнсө болот. Бүгүнкү каармандын созолонгон сыйкыр үнү, эшиткен адамдын жан-дүйнөсүн жара тээп, жүрөктүн элегинен өтүп, ошол кооздук тартуулаган үндүн эгедери залкар ырчыга айланаары бышык.

Опера ырчысы обончу-композиторлордун ой-максатын, айта турган тилегин аңдап, обондун кулк-мүнөзүн, темпин, ритмин, ньюанстарын, гармониясын түшүнүп аткара алат. Бирок маселе башкада. Бардык эле опера ырчылар мындай аткаруучулукка ээ боло беришпейт. Алар сейрек кездешет. Керим мырза ошол сейректердин бири.

КРнын эл акыны Надырбек Алымбековдун «Айылга кат» аттуу ырына Керим мырза обон жараткан. Обончулар акындар менен тыгыз байланышта болсо, алардын ыры да жемиштүү болот бейм. Экөө бири-бирин толуктап турат. «Айылга кат» ыры кудум биздин замандаштарды сүрөттөп койгон. Алыста жүргөн мигранттар бул ырды укканда туулган жерге болгон кусалыгы, үйүнө болгон сагынычы таамай чагылдырылган. Мына акындын бийиктиги, мына обончунун улуулугу ушунда жатат.

«Атагым чыкканын каалайм, бирок ал баламдын бешигине, анан атамдын көрүнө жарык берип турса болду» деген экен бир аалым. Кандай болгон күндө да, адам баласы бул жарыкчылыкка келген соң атын түбөлүк калтырууга белсенет экен. Албетте! Чыныгы атак-даңк бул сый-урмат, кадыр-барк, кетпес дөөлөт, көзгө көрүнбөгөн бийлик. Атактуулукту, даңкты көтөрө алган инсан гана ийгиликти багынтат. Азыркы заманда чыгармачыл инсандардын айрымдары бир-бирине жакшы сөз айтуудан качышат. Жакшы сөзүн аяшат. Чыгармачыл таланттарды көзү тирүүсүндө сыйлабасак, о дүйнөгө кеткенден кийин мактоонун же сыйлык берүүнүн кажети барбы? Кыргыздын Павороттиси аталган Керим агабыз мына ушул күздө 60 жашка чыкмакчы. Агабызга кааларыбыз: чың ден-соолукта болуп, Жараткандан берилген талант менен зоболосу бийиктеп, элдин, күйөрмандардын сый-урматына татып жүрө берсин демекчибиз. Бар болсун, өз тагдырын өзү жазган заманыбыздын залкары.

Динара Асылбекова

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 + = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: