Menu

Видео – Дастан Бекешев: “АКШ “Манас” авиабазасындагы учуп-конуу тилкесин өз менчигине сурабай эле оңдогон эле, эмне үчүн Россия “Кант” авиабазасындагы тилкени менчикке берүүнү талап кылып жатат?”

Бөлүшүү:

11-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында “2019-жылдын 28-мартында Бишкек шаарында кол коюлган 2012-жылдын 20-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын аймагындагы бириккен россиялык аскердик базанын турушунун статусу жана шарттары жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы макулдашууга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы протоколду ратификациялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоору каралды.

Жыйында Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Нурсеит Кедеев баяндама жасап, протокол үч негизги багытта иштелип чыкканын белгиледи.

“Биринчиден инвентаризациянын жыйынтыгы боюнча аянт 924,52 га түзүп, макулдашууда каралган аянтка караганда иш жүзүндө Россия тарап 58,32 га көбүрөк жер тилкесин колдонот. Андыктан бул протоколдун күчүнө кириши менен ижара акысы 291 миң 600 АКШ долларына жогорулайт” – деди Нурсеит Кедеев.

Баяндамачы экинчиден, протоколдун алкагында учуп – конуу тилкесин жана башка аэродромдун аймагындагы объектилерди Россиянын эсебинен оңдоо маселеси каралганын белгилеп:  “Үчүнчүдөн, учкучсуз учуучу аппараттарынын Кыргыз Республикасынын аймагында колдонуу боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү максаты коюлган”, – деди.  Муну менен Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Нурсеит Кедеев катар мыйзам долбоорун үч окууда кабыл алуу тууралуу алты парламенттик фракциянын чечими бар экенин кошумчалады.

Талкуу маалында депутат Айсулуу Мамашова учкучсуз учуучу аппараттарын колдонуу коопсуздугуна токтолуп, ар бир учуу маалында Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын мүчөлөлөрүнүн катышып, катышпасына кызыкты. Өз кезегинде Нурсеит Кедеев “Орлан-10” жана “Форпост” моделдериндеги учкучсуз учуучу аппараттар колдонуларын маалымдап: “Ар бир учуу Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын офицерлеринин катышуусунда, ай сайын биргелешкен пландын негизинде ишке ашырылат”, – деди.

Андан тышкары депутат баяндамачыдан учуп – конуу тилкесинин менчик формасына тиешелүү так жооп берүүнү талап кылып, коомчулукта чоң резонанс жаралганын, жарандар чет мамлекеттин менчигине өтүп кетеби? – деп кооптонуп жатканын белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Нурсеит Кедеев маалымат чындыкка туура келбестигин билдирип, жерлер макулдашуунун негизинде 15 жылга ижарага берилерин кошумчалады.

Депутат Улугбек Ормонов да учуп – конуу тилкесинин менчик формасы тууралуу маселени көтөрдү. Суроого жооп берген Нурсеит Кедеев протоколдо “ажырагыс жакшыртуу” түшүнүгү киргизилип жатканын белгилеп, учуп – конуу тилкесинин асфальттык – бетондук төшөлмөсү Россиянын жеке менчиги болуп саналарын маалымдады. “Бул оңдоп – түзөөдөн өткөрүү шартынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат” – деди ал.

“Ал эмне, бетон төшөлгөн жай жер, – деп эсептелбейби? Биз жерди ижарага берүү менен инфраструктурасын жана тилкелерин оңдоп – түзөөгө чек койгон жокпуз. Каржы бөлүү иши алардын маселеси” – деген Улугбек Ормонов, макулдашуудагы аталган түзөтүүнүн максаттуулугуна байланышкан маселени көтөрдү. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин өкүлү бардык реконструкциялоо иштери Россиянын бюджетинен каржыланып жаткандыктан, бетон маселеси өзүнчө каралып жаткандыгы менен түшүндүрдү.

Депутат Исхак Пирматов 2012-жылы ратификацияланган Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы макулдашууда жер тилкеси ижарага берилери, ал эми бардык кыймылсыз мүлк Россиянын менчиги катары калаары, кийин макулдашуунун мөөнөтү аяктаганда бардык мүлк төлөмсүз түрдө Кыргызстандын менчигине өтөөрү жазылганын белгиледи.

“Эч кандай жаңы өзгөртүү киргизилген жок. Ал тургай ижара мөөнөтү да узартылбайт. Макулдашууга киргизилип жаткан түзөтүүлөр кыргыз тараптын гана кызыкчылыгына багытталып, иш жүзүндө колдонулуп жаткан жер тилкеси үчүн кошумча төлөм алуу максатталган. Тагыраагы, Россия тарап 58,32 га көбүрөк жер тилкесин колдонот. Муну менен катар кошумча жер тилкеси үчүн 2012 – жылдан берки бардык төлөмдөр да алынат. Жердин үстүндөгү бардык бардык жакшыртуу иштери, анын ичинен бетон дагы Россиянын менчигинде, жер Кыргызстандыкы” – деди Исхак Пирматов.

Талкуудан соң мыйзам долбоору үч окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: