Бишкек шаарынын аймагында “Камкордук” аталышындагы рейддик иш-чара өттү. Иш- чаранын жүрүшүндө компьютердик клубдар, ресторандар, түнкү клубдар, базарлар, бекеттер, чатырлар текшерилди. Бул туурасында Бишкек ШИИБнин Басма сөз кызматы билдирет.
Бишкек шаарынын милиция кызматкерлери тарабынан жашы жетпеген өспүрүмдөрдүн арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Бул иш-чарага 242 милиция кызматкери, 57 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын жыйынтыгында жаш өспүрүмдөр тарабынан кылынган 1 кылмыштын бети ачылган. Туруктуу жашаган жери жок жаш өспүрүмдөр текшерилип 219 өспүрүм аныкталып, анын ичинен коомдук борборго -1 бала өткөрүлдү.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын жаш өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн каттоосуна 23 жаш өспүрүм алынган. ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электер арасындагы укук бузууларды алдын алуу боюнча борборуна 42 бала өткөрүлдү. Бардыгы болуп аныкталгандардын ичине: Көзөмөлсүз жүргөн жаш өспүрүмдөрдөн 42 бала, кароосуз калган 4 жаш өспүрүм, 3 бала турмуштук оор жагдайда катталган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ