Өлкө боюнча акыркы сутка ичинде коронавирус илдетинен 21 жаран айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде өкмөттүк онлайн-брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Оорудан айыккандар:
– Бишкек шаарында – 3 адам;
– Ош шаарында – 2 адам;
– Ош облусунда – 1 адам;
– Жалал-Абад облусунда – 9 адам;
– Нарын облусунда – 1 адам;
– Ысык-Көл облусунда – 4 адам;
– Баткен облусунда – 1 адам.
Учурда илдеттен айыккандардын саны 416 адамга жетти.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ