Menu

Чет өлкөлүк ишкерлерге каракчылык менен кол салгысы келген кылмыштуу топ кармалды

Бөлүшүү:

Ички иштер органдарынын кызматкерлери каракчылык менен алектенген кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду,  – деп билдирет. ИИМдин Басма сөз кызматы.

ИИМ БМЖКККнын Чүй облусу боюнча башкармалыгына куралданган кылмыштуу топтун мүчөлөрү чет өлкөлүк жарандарга каракчылык менен кол салганы даярданып жатканы тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.

Бул маалыматты текшерүү учурунда жогорудагы кылмыш ишине шектүүлөр Чүй облусунун болжол менен 20-25 жаштардагы жашоочулары экендиги аныкталган. Чүй облусунун тургундары Бишкек шаарына келгенден кийин курал-жарактарды колдонуу менен бизнес менен алектенген чет элдик жарандарды тооноону көздошкөн. Кылмышкерлер өздөрүнүн жеке ишкерлердин артынан аңдып, алар жөнүндө маалымат чогултушкан. Кытай элдик Республикасынын жараны В.Ю. аттуу ишкерин тоноого максат кылышкан. Жогорудагы кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармоо максатында ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Бул иш-чараны ИИМдин БМЖКККнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы, Чүй ОИИББнин ыкчам аракет көрүү кызматынын жоокерлери, криминалдык милиция кызматкерлери жана башка ыкчам кызматтар жүргүзүшкөн. Ушул жылдын 17-ноябрь күнү кечинде куралданган кылмышкерлер тоноо үчүн беттерин жаап алып чет өлкөлүк жарандар жашаган батирге кирип келишкен. Кармоо учурунда кылмышкерлер каршылык көрсөтүшкөн. Ыкчам аракет көрүү кызматынын жоокерлери самбо ыкмаларын колдонуу аркылуу жана эскертүү максатында тапанчадан ок чыгаруу менен кылмышкерлерди кармашкан. Көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чарасынын натыйжасында эки жаран кармалып, алар мурда соттолгон Чүй облусуна караштуу Кара-Балта шаарынын 1996-жылы туулган Шейшенов Канат менен Панфилов районунун 1996-жылы туулган Абдулдабеков Расул аттуу тургундары болуп чыккан. Андан сырткары, шектүүлөр уюшулган кылмыштуу топтор менен байланышы бар экендиги маалым болгон. Окуя болгон жерди текшерүү учурунда кармалган жарандардын бирине таандык травматикалык тапанча табылган.

Азыркы учурда бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин 2-бөлүмү (каракчылык) менен кылмыш иши козголуп, кармалган адамдар убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Соттун тарабынан шектүүлөргө карата эки айга камакка алуу өкүмү чыккан. Кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүн кармоо үчүн ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

ИИМ БМЖКККнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы жарандарга кайрылып, жогорудагы кылмыштуу топтун мүчөлөрүнөн жабыр тарткандар болсо, же кандайдыр бир маалымат билсеңер, төмөнкү телефон номурлары аркылуу байланышсаңар болоорун билдирет: 0702326591, 0700297814. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 10 + = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: