Menu

Жээнбековдун инаугурациясына 450 киши чакырылды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын жаңы шайланган Президенти Сооронбай Жээнбековдун кызматка расмий киришүү аземи “Ала-Арча” Мамлекеттик резиденциясындагы “Энесай кабыл алуулар үйүндө 2017-жылдын 24-ноябрында өткөрүлөт. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Иш чаранын сценарийи бүгүн, 21-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат Жетекчиси Алмазбек Усеновдун төрагалыгы алдында өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын жаңы шайланган Президентинин кызматка киришүү аземин даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгында макулдашылды.

Салтанаттуу аземге 450 адам, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Баатырлары, коомчулуктун өкүлдөрү, Өкмөт мүчөлөрү, дипломатиялык корпус, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чакырылган.

Салтанаттуу иш чара саат 10до башталат.

Инаугурация аземи шайланган Президент Сооронбай Жээнбековдун Кыргызстан элине ант берүүсүн, ага Мамлекет башчысынын күбөлүгүн, төш белгисин жана штандартын тапшырууну камтыйт.

Президенттик кызматка киришүү аземи аяктагандан кийин Кыргызстандын борбору Бишкекте үч ирет артиллериялык залп атылат.

Андан кийин Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин имаратына багыт алышат. Ал жерде ардактуу кароолдун ротасы тизилип, Улуттук гвардиянын командачысы А.Карасартов өлкөнүн Президенти-Башкы колбашчысы кызматына киришип жаткан Сооронбай Жээнбековго рапорт берет.

Андан кийин алар Мамлекет башчысынын жумушчу кабинетине барышат.

Инаугурация аземи өлкөнүн алдыңкы телеканалдарынын жана Интернет басылмаларда түз эфиринде көрсөтүлөт.

Бул күнү борборубуздун бир катар көчөлөрүндө транспорт кыймылына айрым чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу тиешелүү маалымат басма сөз аркылуу кеңири коомчулукка жеткирилет.
Уюштуруу комитеттин жыйынында инаугурация өткөрүүгө кетчү чыгымдын сметасы 8 млн 404 миң 248 сом өлчөмүндө бекитилди. Жыйында уюштуруу боюнча негизги маселелер талкууланды жана тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине конкреттүү тапшырмалар берилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 − = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: