Menu

Жалал-Абадда экстремизмге каршы толеранттуу кол алышуу өттү

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарында коомдогу орун алып жаткан экстремисттик идеяларга, көз караштарга жана аракеттерге каршы “Толеранттуу кол алышуу” иш-чарасы уюштурулду. Ал экстремизмге каршы шаарда жарыяланган бир айлыктын алкагында болуп өттү. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Иш-чарага шаардын коомчулугунун, жаштар уюмдарынын, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу, укук коргоо органдарынын, дин уюмдарынын, массалык маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышышты. Катышуучуларга негизинен экстремисттик көз караштарга берилип, Сирия, Ирак сыяктуу өлкөлөрдө болуп жаткан согуш аракеттерине катышкандар, аларды өз каалоосу менен кайтарып келүү мүмкүнчүлүктөрү, жаштарга туура маалыматтарды берүү менен ушул сыяктуу терс көрүнүштөрдүн алдын алуу тууралуу кеңири кеп жүрдү.

Мэриянын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Гүлина Базаркулова 6-ноябрьдан 6-декабрга чейин шаарда экстремизмге каршы күрөшүүнүн бир айлыгы жарыяланганын, анын максаттары жана уюштурулуучу чаралар тууралуу айтса, областтык казыяттын окуу бөлүмүнүн башчысы Арпидин Жороев жихат түшүнүгү, анын айланасындагы адашуулар, ал эми шаардык жаштар комитетинин төрагасы Байышбек Ташбаев жаштардын коом, мамлекет алдындагы милдеттери тууралуу кеп козгошту.

Иш-чара учурунда Сирияга барып келген эки жаш жаран көшөгө артында баштан өткөн окуялары, адашуулары тууралуу иш-чаранын катышуучуларына айтып, суроолорго жооп беришти. Мисалы, Ислам аттуу Сузак районунун тургуну азгырыктан улам Сирияга барып, оор күндөрдү башынан өткөргөн. Ал мындан кийин өз жүрүш-турушун оңдоп, жакшы турмушка баш койгонун, үйлөнүп-жайланып, туугандарынын арасында тынч жашагысы келерин билдирди. Ал эми Алишер деген жигит азгырыктарга берилип, өз акчасын сарптоо менен Сирияга барганын, ал жакта көргөн кордуктарын, болуп жаткан иштер Исламга таптакыр дал келбестигин сезген соң, кайра качып келгенин айтып берди. Эми ал өзүнүн эки баласын туура тарбиялап, өлкөнүн, элдин тынчтыгын гана кааларын билдирди.

Иш-чарага катышкандар коомдо адамдар бири-бирине мээрбан болушу менен коомубуздун бейпилдигин камсыз кыла алар тургандыктарын далилдөө максатында бири-бири менен ысык кол алышуу аркылуу уюштурулган иш-чара аягына чыкты.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 + = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: