Menu

Атамбаев Жалал-Абад облусуна жумушчу сапар менен барды

Бөлүшүү:

Алмазбек Атамбаев  бүгүн, 21-ноябрда Жалал-Абад облусуна жумушчу сапар менен барды. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Жумушчу сапардын алкагында Президент Жалал-Абад шаарындагы “Газпром” компаниясы  каржылаган  дене тарбия-саламаттыкты чыңдоо комплекси курулчу жерге капсула салуу аземине катышат.

Андан кийин Мамлекет башчысы Жалал-Абад облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн салынган көп  батирлүү үйдүн ачылыш аземине катышат.

Андан тышкары Президент Алмазбек Атамбаев Түндүк-Түштүк альтернативдик автожолдун курулушунун жүрүшү менен таанышат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: