Бүгүн, 6-мартта Бишкектин 5-кичирайонунда аялын бычактап өлтүрүп, 9 жаштагы өгөй уулуна 5 жолу бычак сайып, анан өзү асынып өлүп алган жаран Бишкектин Октябрь райондук сотунда сот болуп иштеген. Бул тууралу укук коргоо органдарынын кызматкерлери билдирүүдө.
Күндүзгү саат 12:00 чамасында 5 жерине бычак жеп жарадар болгон 9 жаштагы бала коңшуларына чыгып, кандуу кылмыш тууралу кабарлаган. Коншулары “тез жардамды” жана милицияны чакырышкан. “Тез жардам” баланы ооруканага жеткирген, бирок анын абалы оорлошуп кеткен.
Милиция кылмыш болгон үйгө келгенде бычакталып өлтүрүлгөн аял менен ваннада асылып турган эркектин жансыз денесин табышкан.
Эркек аялы менен чырдаша кетип, мас абалында аялын бычактап өлтүрүп, баласына да 5 жолу бычак сайып, анан ваннага кирип асылып өлгөн. Кылмышка шектүүнүн бул экинчи никеси болгон.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ