Menu

Таажывирусту жуктуруп алган ноокаттык 3 айым Кувейттен Ошко учуп келишкен

Бөлүшүү:

Таажывирусту жуктуруп алган Ноокат районундагы 3 жарандын бардыгы аялдар. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова ЖКдагы Коалициялык  көпчүлүктүн жыйынында билдирди.

Анын айтымында, таажывирусту жуктуруп алгандар Кувейттен Ошко учак менен учуп келишкен.

“Үчөө тең айымдар. Ноокаттагы эки айыл өкмөттөн 3 жаран. Алар Кувейттен кичи ажылыктан Ошко эки рейс менен келишкен.  Учурда Ноокатта акимдин буйругу менен өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бардык чаралар көрүлүп жатат. Учурда таажывирусту жуктуруп алгандар ооруканада жатышат. Тиешелүү дарылоодон өтүп жатышат” – деди вице-премьер-министр.

Белгилей кетсек, Ноокат районунун 3 тургунунан таажывирус аныкталганын Космосбек Чолпонбеав бүгүн, 20-мартта онлайн-маалымат жыйынында билдирген. Алар дагы умрадан келишкен. Азыркы учурда Кыргызстанда таажывирусту жуктуруп алгандардын саны – 6.  (Сузак жана Ноокат райондорунда),  Обсервацияда – 410.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 + = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: