«Менин колумдан 2-даражадагы «Манас» орденин алганга куштарлыгын билдирген Талант Дүйшебаев бүгүн Испания жергесинен келе албай калганы мени өкүндүрөт» деди кечээ өлкө президенти Алмазбек Атамбаев. Ажонун ою боюнча кыргыз спортчулардын ичинен аалам алкагында аты чыккандар саналуу эле, анын бирөө дүйнөдөгү мыкты гандболчу, мыкты машыктыруучу, улуту кыргыз Талант Дүйшөбаев. Бул айтылган сөздү Испания королу да КР президенти менен расмий жолукканда, кечки тамактын үстүндө күтүүсүздөн «сиз кимсиз?» деп сураган. Алмазбек Шаршенович «мен кыргыз» десе, «а сиз билесизби, бизде эң мыкты гандболчу – Талант Дүйшебаев да кыргыз» дептир. Албетте, башка өлкөнүн жараны болсо да улуту кыргыз экени бизди да кубандырбай коё албайт, сыйлыгың кут болсун!
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ