Menu

Токтайым Үмөталиева, коомдук ишмер: «Чек арадагы көп нерсе биздин министрликтердин шалаакылыгына байланыштуу экенин өз көзүм менен көрдүм»

Бөлүшүү:

— Токтайым эже, Казакстанга барып келиптирсиз. Чечилбей жаткан чек ара маселеси боюнча бардыңызбы?

— Ооба, Казахстандын парламентиндеги “Ак жол” чоң фракциясы менен жолугуп келдим. Жолугууга төрагасы, белгилүү депутат саясатчы Азат Перуашев себепкер болду. Алар жалпы Бажы кодексин катуу талкууга алып, өздөрүнүн мыйзамдарын иреттүүлүккө келтирип жатышат. Бир топ коомдук талкууларды өткөрүшүптүр. Ошондой эле биздин массалык маалымат каражаттарында чыккан кайрылуу менен таанышып маектешели дешти. Атайын фракциянын көчмө жыйынына катыштым жана да чоң топ ошол маселени талкуулап жаткан бизнес бирикмелеринин жыйынында болуп келдим. Ошол жолугууда депутаттары биздин жөнөткөн кайрылуу менен тааныштырып, фракциянын лидери Перуашевге Нурсултан Назарбаевге жеткизиңиз деп кайрылууну, бул жакта өткөн тегерек үстөлгө катышып, талкуу жүргүзгөн инсандардын жана талкууга катышкандар казактарга элчи катары жолдогон кыргыздын коомго таанылган белгилүү адамдарынын тизмесин тапшырдым. Эки-үч күн мурун аманатыңарды тапшырдык деп айтты.

— Казак президенти менен жолуга албаптырсыз да. Акорданын таасирдүү адамдары менен жолуга алдыңызбы?

— Ооба, Нурсултан Абишович менен жолуга алган жокмун. Себеп, чек арада пайда болуп жаткан маселелердин түп тамырын түшүнөйүн деп негизги министрликтердин адистерине жолуктум. Ал жактан бир топ мааалымат таап, пикир бөлүшүп, көп нерсе биздин министрликтердин адистеринин шалаакылыгына байланыштуу экенин өз көзүм менен көрдүм. Биздикилер Бажы биримдигине “Ураа” деп киргени менен бир топ кайра жаңырта турган, уруксат алына турган келишимдерди жаңырта элек экен. Ошондой эле айтылган, берилген эскертүүлөрдү карап коюп эле, мыйзамдуулукка алып келүүгө көмөктөш болгула деген нерселер каралбай келген. Ошол эле эки өлкөнүн атынан иштеп жаткан евразиялык министрлери иш чара көрбөй жаткандарын, дагы бир топ ачылыштарды көрүп келдим. Ошол эч нерсе жасабай олтурган министрлерди айдаш керек. Тегерек үстөл өткөргөндөн башка кылган иштери көрүнбөй, алган маяналары президенттикинен да чоң. Жол карта менен техникалык регламенттерди кабыл алып коюп эле жата беришкен. “Оптом” документерди кабыл алган депутаттардын жоопкерчилиги да азыркы кырдалда өтө чоң. Түшүндүрүү иштери жүргөн эмес. Азыркы мезгилде бир топ регламенттер, мыйзамдык нормалар келерки жылдары ишке кирет, ага чейинки кабыл алган ички нормалар иштей берет. Ошондуктан ошол нормаларга байланыштуу иш чараларын алып кетиш биздин бийликтин жоопкерчилиги. Мисалга айтсам, казактар өз коомчулугуна кайсы документтер кыскартылат, кайсы нормалар кирет деген нерселерди алдын ала өтө күчтүү түшүнүк иштерин жүргүзүп жатышат. Ошол эле бажы кодекси бизге тиешелүү, биздин бийлик болсо муштумун түйүмүш болуп терең текшерүү иштерин алып бара албай жатат. Себеби, мыйзам карама-каршылыктары коррупциянын, пара алуунун өзөгү. Жергиликтүү коррупция менен оокат кылган биздин жана казак адистерине бул майдай керектүү нерселер.

— Казак тарап чек ара маселеси боюнча кандай ойдо экен?

— Бийлигинде деле кыргыз менен тирешейин деген эч ким жок. Алар маселени чечүүгө аракет жасап жатышат. Биздин кайрылуубуздун негизинде эртеси эле “Акжолдо” бир топ маселелер чечилди. Азыр да автобус тар жана жүргүнчүлөрдү ташууда Жамбулдан Таласка өтүү уруксат келишимин узартууга тез арада жардам көрсөтүлдү. Менин кайрылуум жүк ташуучу бирикмелеринин өкүлдөрүнө, бийликти карап отура бербей өзүңүздөр өтүп барып же болбосо бизге окшогон коомдук ишмерлер, мыкты юристтер менен эле өздөрү барып изденсе маселе бат чечилет. Кээ бир бирикмелердин өкүлдөрүнө жолуксам коркушуп эле биздин бийлик эмне дейт деп күн карама болуп жатат. Чөгүп бара жаткан адамдын аман калышы өз колунда деген макал бар го. Мен жардам бергенге даярмын. Мисалга, ошол эле чогулушка жүк ташуучуларды чакырдым, келишкен жок.

— “Элбасыга” асылды деп биздин президентти күнөөлөп жатабы?

— Үргөн биз элебиз. Ал тарапта ал жөнүндө ой да жок. Алар көбүнчө бажы кодексинин негизинде жаңы технологиялык ыкмаларды мыйзамдаштыруу маселелерин талкуулоо менен алек. Анткени, уюмдагы беш өлкөгө, керек болсо байкоочу өлкөлөргө кирүү мыйзамдарын электрондук программага өткөрүүдө. Өздөрүнүн Астана- 1 жана Астана‑2 деген жаңы программаларын элге тартуулап, бүт бизнес бирикмелери менен коомдук бирикмелерин бирге иш алып бардырып, өздөрүнүн бизнесмендерин келечекте бажы бирикмесинин мыйзамдарын тезирээк өздөштүргөнгө алек. Мен бир планетадан экинчи планетага келгендей эле болдум. Биздин депутаттарга караганда алардын депутаттарынын деңгээлин, элин коргоо иштерин көрүп отуруп жүрөгүм сыздап кайттым.

— Казак президентине нааразы болгондор бар бекен?

— Жүрүп келе жатып поезд менен кайттым. Себеби жүргүнчүлөр менен келесиң, алардын сөзүн угасың. Казактар бизден намыскөй келишеби, көбүнчө биз тараптагы иштерди талкууга түртүп коюп жатышты. Нааразычылыктарын биздикиндей эле фейсбуктан жашынып алып жазып жаткандарды фейктерден көрүп жатабыз. Карапайым эл кайсы жерде болбосун жакшы нерселерди үмүт этип ишенет экен.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 − 78 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: