Menu

«Өнүгүү-Прогресстин» белдүү адамдары Төрөбаевди «мындан ары чүкөңдү алыс ойно» деп коюшуптур

Бөлүшүү:

Мурдунун учунан алысты көрбөгөн адамдын саясат менен алектенгени өзүнө эле эмес, тегерегиндегилерге дагы кыйын эле болот тура. Албетте, саясатта жаңылуу көп эле болот. Бирок «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын жетекчиси Бакыт Төрөбаевдей түптүз жолдо баратып оңкосунан кеткен чанда болсо керек. Дегенибиз, Сооронбай Жээнбековдордун Оштон Бакиевдерди кууп чыкканын кектеп, президенттик шайлоодо жаманатты кылып, Бабановду колдогон аракети өз башына муш болуп тийди. «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын белдүү адамдары Төрөбаевди «мындан ары чүкөңдү алыс ойно» деп коюшту. Жанында өзүнө окшоп керт башынын пайдасын гана көздөгөн «Лөлү» деген каймана атка ээ болгон Алтынбек Жунус уулу сыяктуу 4-5 киши эле калды. Мындан улам, Жогорку Кеңеш тараса «Өнүгүү-Прогресс» парламентке келбей турганы анык болуп, көбү чөгүп бараткан кемени таштап кетишти. Ал түгүл ким эми Төрөбаевди партиясына кошо турган болсо, ал партия парламентке келбейт деп айтышууда. Ошентип Бабанов сыяктуу Төрөбаевдин дагы саясаттагы доору бүтөт окшойт.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: