2017-жылдын 27-ноябрь күнү саат 23:00 чамасында Сокулук РИИБнин убактылуу кармоочу жайынан качып кеткен качкындарды кармоо үчүн “Сирена” ыкчам планын жүргүзүшүп, натыйжасында шаардык милиция кызматкерлери тарабынан көрүлгөн комплекстүү иш-чаралардын негизинде Биринчи май районунун аймагынан эки жаран кармалган. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.
Кармалган адамдар:
– 16.07.1979-жылы туулган Базаркулов Рамил Муктарбекович, Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде камакка алынган.
Кийген кийимдери: жеңи жок сырткы кийим (безрукавка), кара түстөгү шым жана бут кийим.
– 04.03.1979-жылы туулган Дилдешов Бакыт Чыныбекович, Талас облусунун тургуну, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин (Каракчылык) негизинде камакка алынган.
Кийген кийимдери: кара түстөгү баш кийим жана куртка.
Ал эми башка 2 жаранды кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары көрүлүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ