Menu

Президенттин төш белгисин шылдыңдаган кызматкерлер жоопко тартылышы керек

Бөлүшүү:

Өткөн жума күнү жаңы президент С.Жээнбековдун ант берүү аземи болуп, экс-президент А.Атамбаевдин колунан штандартты алып, төш белгини тагынып, мамлекет башчылык кызматына расмий түрдө киришти.  Бирок мына ошол мамлекетибиздин тарыхындагы өтө маанилүү чоң саясый окуяга бир аз көлөкө түшүргөн жагымсыз жагдай коомчулуктун нааразычылыгын жаратып койду. Анткени президенттик аппараттын протокол секторунун жетекчиси Марат Топоев деген дагы бир аппарат кызматкери менен “Ала-Арча” резиденциясындагы “Энесай” имаратынын маңдайында төш белгини тагынып алып, шылдыңдагандай сүрөткө түшкөн. Аны да өзү “Фейсбуктагы” баракчасына жарыялап жиберген. Бирок кийин ал сүрөт президент С.Жээнбековдун инаугурациясына даярдык учурунда тартылгандыгын айтып актанып, видеосун кошо жүктөдү. Ал эми мойнундагы төш белги дубликат болгон экен.  Канткен менен социалдык тармактарда президент аппаратынын кызматкерлери мамлекет башчынын тумары катары эсептелген төш белгини тагынып алып, күлүп сүрөткө түшкөндүгү үчүн кызматтан алынып же тиешелүү жазага тартылышы керектигин талап кылгандар көп болду. Азырынча президент өзү бул жагдай тууралуу өзүнүн ак же көк деген пикирин билдире элек.

Булак: “Майдан. kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: