Menu

Ооганстан президенти 4-декабрда Ташкентке барат

Бөлүшүү:

Ооганстандын президенти Ашраф Гани 4-сентябрда расмий сапары менен Өзбекстанга барат. Бул тууралуу Ислам Каримов атындагы эл аралык аэропортто Кабул-Ташкент багыты боюнча алгачкы учакты кабыл алуу маалында белгилүү болду.

Маалыматка караганда, сапардын жүрүшүндө тараптар экономикалык тармакта өз ара аракеттешүүнү, ошондой эле Өзбекстандын бир катар биргелешкен долбоорлорго, анын ичинде транспорт коммуникациясы боюнча иштерге ыктымал катышуусуна байланышкан маселелерди талкуулашат.

Мурдараак бул сапар тууралуу Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Эл аралык пресс-клубдун жыйынында айткан.

«Албетте Өзбекстан Ооганстандагы абалдын саясий жол менен чечилишин колдой турганын билдиргендиктен, биз бул маселе боюнча пикир алмашып, саясий аренада өз ара түшүнүшүүнү бекемдейбиз», – деген Камилов.

Анын айтымында, Ооганстанда белгилүү бир чыңалуунун бар экенине карабастан, тараптар соода, экономикалык жана гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүнү улантууда.

«Ооганстан биздин коңшу, биз жалпы чек арага ээбиз. Айрым маалыматтарга караганда, ал өлкөнүн аймагында бир нече миллион өзбек жашайт. Биз тарыхый, маданий жана гуманитардык байланыштарга ээбиз жана достук мамилелерди өнүктүрүшүбүз керек», –деди Өзбекстан ТИМ башчысы.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: