Menu

Мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды аныктоо максатында иш-чаралар жүргүзүлүп жатат

Бөлүшүү:

Баткен РИИБнин кызматкерлери 3-декабрь күнү Кулуштун-Өтөгү жайлоосунан Рават айылынын 46 жаштагы Ж.Т. аттуу тургунун текшерүү учурунда тиешелүү документтери жок “ТОЗ-8” үлгүсүндөгү ок атуучу курал табылган.  Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 241-беренеси (ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) менен кылмыш иши козголуп, Ж.Т. аттуу  жаран Баткен РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ал эми 4-декабрь күнү Түп райондук милиция кызматкерлерине 20 жаштагы К.Э. аттуу жергиликтүү тургун 28-калибрдеги “ИЖ-18” үлгүсүндөгү ок атуучу куралын өз ыктыяры менен тапшырган.

Алынган ок атуучу куралдар экспертизага жөнөтүлүп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

ИИМ эскертет: Эгерде жаран ок атуучу куралдын ээси болбосо, сактаганга жана колдонгонго уруксат берилбейт. Тез арада куралды укук коргоо органдарына тапшыруу керек. Тапшырбоо учурунда жаран административдик же кылмыш жоопкерчилигине кириптер болот.

Ал эми катталбаган курал-жарактарды, окторду, жарылуучу заттарды өз ыктыяры менен тапшыргандар кылмыш ишине тиешеси жок болсо, анда кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − 10 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: