Menu

Кыргызстандагы 5-6-класстын окуучуларына онлайн сабактар өтүлөт

Бөлүшүү:

Кыргызстандагы 5-6-класстын окуучуларына онлайн сабактар өтүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Билим берүү жана илим министрлиги ЮНЕСКО жана Социалдык интеграциялоо борбору менен биргеликте “Окуучулардын дисциплина аралык компетенциясын түзүү үчүн санариптик-методикалык ыкмалар” долбоорунун алкагында 5-6-класстар үчүн онлайн окуу материалдарын даярдаган.

Окуу материалдары: география, биология, табият тануу, тарых жана тилдер (кыргыз, орус, англис) боюнча предметтерди камтыйт. Ал атайын онлайн платформага жүктөлөт жана аны каалаган мугалим колдоно алат.

Окуу материалдары заманбап глобалдуу көйгөйлөргө токтолот. Толеранттуулук, миграция, демография, дискриминация. Мындан сырткары ден-соолук, экология, медиа жана маалыматтык сабаттуулук боюнча маселелерди көтөрөт. Бардык модулдардын эң башкы темасы гендердик теңдик жана маалымат-коммуникациялык технологиялар боюнча сабаттуулукту жогорулатуу.

Даярдалган онлайн окутуу куралдары өткөн аптада уюштурулган семинарда тааныштырылды. Тиешелүү адистер тарабынан онлайн окутуу материалдарын толуктоо жана педагогдорду үйрөтүү үчүн сунуштар берилди.

Январ айында долбоордун алкагындагы пилоттук мектептердин мугалимдерин окутуу уюштурулат. Педагогдор дин, жакырчылык темасында окуучулар менен кантип сүйлөшүү керектигин да үйрөнүшөт. Андан кийин мугалимдер окуу материалдарын апробациядан өткөрүшөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 + = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: