Menu

Түркмөн мунайгаз компанияларынын кредиттик рейтингдери нөлгө барабар болуп калды

Бөлүшүү:

Түркмөнстандын мунайгаз секторундагы ири мамлекеттик ишканалары чет өлкөлүк өнөктөштөрүнө 20 миллион доллар карыз болуп калды. Бул тууралуу эл аралык CIS Debt Recovery Solutions юридикалык компаниясы билдирүүдө.

Ноябрда компания “Түркмөннефти” мамлекеттик концерни үч жылдан бери чет өлкөлүк өнөктөшүнө 8 миллион доллар карызын төлбөй келе жатканын билдирген. “Түркмөнгаз” компаниясынын бересеси болсо 15 миллион долларды чамалайт.

Юридикалык компания 3-декабрда Түркмөнстан менен кызматташкан бир катар дипломатиялык өкүлчүлүктөргө карыз өндүрүү боюнча жардам сурап кайрылган. CIS Debt Recovery Solutionsтун ага кеңешчиси Тарас Копий “Азаттыкка” түркмөн компаниялары бир нече мамлекеттеги өнөктөштөрүнө карыз экенин тастыктады.

“Кытайда экспорттук келишимдерибиздин 95-99% кепилдендирген компания бар. Биз мурун “Түркмөнгаз” боюнча иштешкенбиз. Аларга кайрылганыбызда “Түркмөнгаз” менен “Түркмөннефтинин” кредиттик рейтингдери нөл экенин айтышты. “Түркмөннефтиге” карата үч иш ачылган, алар кытайларга карыз. Демек, Түркмөнстандын эки мамлекеттик компаниясы кара тизмеде”, – деди CIS Debt Recovery Solutions кеңешчи.

Компания апрелде кытайлык кардарларына “Түркмөнгаздан” 2.5 миллион доллар өлчөмүндөгү карызды өндүрүп берген. Мындан соң аларга Франция, Кытая, Орусия, Катардагы компаниялар дагы жардам сурап кайрыла башташкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 + = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: