Menu

ЖК да айыл аймактын аймагында катталган айыл чарба кооперативдерине артыкчылык укук берүүгө багытталган мыйзам долбоору каралды

Бөлүшүү:

Кечээ, 11-декабрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (КР Жер кодексине, “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө” мыйзамга) мыйзам долбоору 3-окууда каралды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.

Бүгүнкү күндө жер тилкелери үлүш-үлүштөргө берилип, бөлүнүп кетиши агрардык сектордун өнүгүүсүн жайлатууга алып келди. Мындай жагдайды чечүүдө айыл жергесинде экономикалык жактан пайдасын түшүндүрүү жолу менен ыктыярдуу негизде кооперацияга өтүү башкы маселе. Кооперацияларга биригүүнүн негизги максаты материалдык жана каражат ресурстарын рационалдуу колдонууга, өндүрүштүк жана башка чыгымдарды азайтууга, рынокто тиешелүү артыкчылыктарга жетишүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Сунуш кылынган мыйзам долбоору айыл чарба кооперативдеринин жана фермердик чарбалардын ортосунда бирдей шарт түзүүдө айыл чарба багытындагы жерлерди пайдаланууга берүүдө бирдей укук берүү үчүн, ошондой эле жер үлүштөрүн же жер тилкелерин сатууда айыл чарба кооперативдерин колдоо максатында сунушталган. Долбоор аркылуу айыл чарба багытындагы жерлерди пайдаланууга берүүдө ошол айыл аймактын аймагында катталган жана иштеген  айыл чарба кооперативдери артыкчылык укугуна ээ болоору көрсөтүлгөн.

Жыйынтыгында комитеттин корутундусу менен мыйзам долбоору 3-окууда жактыруу чечими кабыл алынды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − 10 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: