Menu

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Ысык-Көл облусунда сүт тармагын өнүктүрүүгө грант жана насыя бөлөт

Бөлүшүү:

Бүгүн, 21-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында «Бишкек шаарында 2017-жылдын 10-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банктын) ортосундагы Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу боюнча долбоорду каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоорунун концепциясы каралды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.

Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министри Нурбек Мурашевдин айтымында, аталган долбоордун жалпы наркы Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын эсебинен каржылануучу 5 млн АКШ доллары. Долбоордун 1-фазасы 3 жылдын ичинде ишке ашырылат. 5 млн АКШ долларынын 2,25 млн АКШ доллары – грант, ал эми 2,75 млн АКШ доллары – насыя. Насыя 38 жылдык мөөнөткө берилет. Жеилдетилген мөөнөтү 6 жыл. Пайыздык ставка – жылына 0,75%.

Долбоору Ысык-Көл облусунда сүт тармагын өнүктүрүүгө тоют өндүрүү, ветеринардык кызмат көрсөтүү жана идентификацияны өткөрүү, ошондой эле фермерлерге инвестициялык колдоо аркылуу көмөктөшүү максатында иштелип чыккан. Анын жүзөгө ашырылышы менен Ысык-Көл облусундагы фермерлердин потенциалы бекемделиши, сүт азыктарын өндүрүү көлөмүнүн өсүшү күтүлүүдө.

Талкууда депутаттар долбоордун алкагындагы компонеттерде каралган каражаттарды чечмелеп берүүнү кагаз түрүндө маалыматтарды талап кылышты.

Жыйынтыгында ратификаицялык мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 15 = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: