Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети өлкө аймагындагы бир катар айылдардын атын өзгөртүүгө багытталган мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды. Демилгечи – Өкмөт. Бул туурасында ЖК басма сөз кызматы билдирет.
Мыйзам долбооруна ылайык, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Нововознесеновка айыл аймагын Боз-Учук айыл аймагы деп, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ленин айыл аймагындагы Гавриловка айылын Орто-Сай айылы деп, Фрунзе айылын Жыгач-Коргон айылы деп өзгөртүп атоо демилгеси сунушталууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ