Menu

Дастанбек Жумабеков: «Урматтуу мекендештер, улуттук көркөм дөөлөт майрамыӊыздар кут болсун!»

Бөлүшүү:

Дастанбек Жумабеков өз мекендештерине Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө жана Улуттук адабият күнүнө карата кайрылуу жолдоду. Бул туурасында ЖК басма сөз кызматы билдирет.

Төмөндө Жогорку Кеңештин Төрагасынын кайрылуусунун текстин толук келтиребиз:

«Урматтуу мекендештер, 12-декабрь – заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Ага улай, ал күн улуу жазуучубуздун урматына Улуттук адабият күнү катары да жарыяланган. Ошондон улам, аны жалпы кыргыз эли үчүн өзгөчө күн деп айткым келет.

«Адегенде Сөз болгон!» деп бекеринен айтылбаса керек. Анан дагы «Сөз атасы өлбөсүн!» дейт, «Сөзгө конок бергин!» дейт. Адам баласы үчүн, айрыкча ар кыргыз баласы үчүн Сөз баарынан улук болгон, ыйык болгон. Улуттук адабиятыбыз менен Чыӊгыз Айтматовдун ысымы ажырагыс нерсе болгондуктан, бул күндү улуттук көркөм дөөлөт майрамы десек куп жарашат.

Чыңгыз Айтматов аң-сезимди асыл ойго суугарып, адамзатка баалуу маданий мурас калтырып кетти. Анын чыгармалары бүгүнкү күндө дагы өз маанисин жоготкон жок. Залкар жазуучу ааламдашуу доорундагы адамдын руханий дүйнөсү ачынып турганын алдын-ала сезип, келечек муунга жан дүйнөсүн жарып чыккан асыл ой, нукура нускалуу кебин калтырып кеткенсийт.

Азыркыдай «караңгыда көз тапкан, капилетте сөз тапкан» чыгаан адамдар зарыл болгон учурда, анын көркөм дүйнөсү биз үчүн түгөнгүс руханий күлазык болору анык. Биздин алдыбызда анын өрнөктүү өмүрүн пир тутуп, таберик калтырган көркөм дөөлөтүн татыктуу асырап алуу милдети турат.

Чыңгыз Айтматов – көп кырдуу, миң сырдуу талант. Айматов ааламы – өтө кенен, кыйла тереӊ. Анын чыгармачылык сырлары мындан ары дагы улам жаӊы кырынан ачылып, улам жаӊы окурмандарын таба берери бышык.

Дагы бир ирет – улуттук көркөм дөөлөт майрамыӊыздар кут болсун!»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: