Menu

Өзбекстандан Ысык-Көлгө авиа, темир жол каттамы ачылат

Бөлүшүү:

Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев Ташкенттеги жолугушууда Өзбекстандан Ысык-Көлгө темир жол каттамын ачуу боюнча макулдашуу бар экенин билдирди.

“Кыргызстанда уникалдуу Ысык-Көл көлү бар. Биздин эл авиакаттам ачуубузду каалады эле, бирок биз темир жол каттамын ачууну да макулдаштык. Эгер кошунабызда кудай берген жер турганда эмнеге эл алыска барышы керек? Транспорттук-логистикалык маселеде биз кыйла алдыга жылдык, – деди Мирзиёев.

Өзбекстан президенти чек арадагы талаштуу маселелер дагы чечилерин баса белгиледи.

“Албетте президенттин эрки керек болгон маселелер бар. Менимче, ал бизде бар. Биз бир жылда чек аранын 85 пайызын аныктап койдук. Бул башталышы гана. Акырындык менен чечебиз. Биз эл эмнени кааласа, ошону кылып жатабыз. Алар бардык жакшы нерсени эртең эмес бүгүн көргүсү келип жатат ”, – деди Мирзиеёв.

Өз кезегинде кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков Өзбекстанга чакырып, жылуу кабыл алганы үчүн Мирзиёевге ыраазычылык билдирип, экс-президент Алмазбек Атамбаев ыйгарган “Данакер” орденин тапшырды.

Президент Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстанда эки күндүк расмий иш сапары 13-декабрда башталган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: