Menu

Бакыт Төрөбаев: Шайлоо алдында ар бир талапкер менен келишим түзүлөт

Бөлүшүү:

– Президент Сооронбай Жээнбеков өз кайрылуусунда партия лидерлери шайлоочулардын укугун тебелеп, талапкерлердин тизмесин шайлоодон кийин өздөрү каалагандай өзгөртүп ийишерин айтты. Чындыгында эле партлидерлердин диктаты өкүм сүрүп аткан жокпу?

– Мыйзамга ылайык, тизмени партиянын лидери өзгөртө албайт. Ал эми президенттин айткан сөзүн мен мындай чечмелейт элем: шайлоо алдында ар бир талапкер менен «мынча добуш аласың» деген келишим түзүлөт. Кээ бир талапкерлерге мандат берилбей калганы да ошол себептен. Бул эми партиянын ичиндеги ички сүйлөшүүлөрдүн негизинде боло турган нерсе. Партиянын лидери уюштуруучу адам катары ар бир адам менен сүйлөшөт. Тизме боюнча онунчу турган талапкер элүүнчү турган талапкер менен чогуу, бирге иштешүүсүнө шарт түзөт. Азыр биздин элибиз добуштарын партиянын лидерине же партиянын программасына бербей, «биздин жакшынакай жигитибиз, же кызыбыз бар» деп жергиликтүү талапкерге берип атышпайбы. Ушуну да эске алыш керек.

– Бирок, чындап эле проблема бар да? Шайлоодон кийин канча талапкерлер мандат алалбай, өзүнүн партиясы, лидери менен соттошуп жүрүштү…

– Мунун механизмдери чындыгында эле акыр-аягына чейин иштелип чыккан эмес. Бизде 9 пайыздык тосмо бар эмеспи. Аны багындырган партия өтөт. 9 пайыз – бул абдан чоң добуш. Башка жол жок. Ошон үчүн механизмдерди дагы да тактап чыгуу керек. Балким, партиянын саясый кеңеши эмес, жалпы курултайда, жалпы добуш менен чечүүгө мүмкүнчүлүк берүү керектир.

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − 25 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: