Бүгүн, 14-декабрда “Республика-Ата-Журт” фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев Жогорку Кеңештин отурумунун жүрүшүндө өкмөттөн эмне себептен Өзбекстанга 4 пансионатты өткөрүп беришкендигин түшүндүрүп берүүсүн суранды.
“Кечээ Ысык-Көлдөгү 4 пансионатты Өзбекстанга өткөрүп берүү боюнча суроо көтөргөнбүз. Алар биздин, Кыргызстандын пансионаттары, биз аларды кайра Өзбекстанга берип койдук. Өкмөттөн суроо керек, эмнеге таянып аларды кайра берип коюшту? Өкмөт башчысы буга түшүндүрмө берсин”, – деп талап кылды депутат Кенжебек Бокоев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ