Menu

Рыскелди Момбеков: «Өткөндө Кара-Балтада каргалар өлүп калыптыр деп өлө кайгырдык, эмне, биздин залкар таланттар ошол каргача жокпу?»

Бөлүшүү:

12-декабрда «Ата-Бейитке» бардык, залкар жазуучубуз Чыӊгыз Айтматовдун туулган күнү, айтылуу акыныбыз Алыкул Осмоновдун өлгөн күнү экен. Андан тышкары, Улуттук адабият күнү белгиленди. Тилекке каршы, бул иш-чараларга Президенттин аппаратынан да, Өкмөттөн да, парламенттен да бир киши басып барган жок. Үн да катышкан жок. Милийса менен прокуратурага барат, иаданий иш-чараларга барбайт. Ушу кантип болсун, жеткен манкуртчулук да. Бул тууралуу депутат Рыскелди Момбеков Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Өткөндө Кара-Балтада каргалар өлүп калыптыр деп өлө кайгырдык, эмне, биздин залкар таланттар ошол каргача жокпу? Анан кантип улуттук адабиятыбыздын келечеги, улуттук руханий дөөлөтүбүз жөнүндө кеп кылабыз? Айрым аткаминерлерибиз кыйраткансып кечки спектаклге барышыптыр. Ой, артисттер менен сүйлөшкөн бир башка да, жазуучулар менен баарлашкан бир башка да, ошону кантип түшүнбөйбүз? Дагы жакшы, жазуучубуздун чыгармачылыгын сыйлаган чет өлкөлүктор Айтматовду эскерүү иш-чараларын өткөрүштү, а бизде эскерилген жок», – дейт депутат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − 34 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: