Menu

Кинематографиялык чыгармалардын мазмунуна көзөмөл кылуу чараларын колго алуу демилгеси көтөрүлдү

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊеште кинематографиялык чыгармалардын мазмунуна көзөмөлдү күчөтүүгө жана мыйзамдагы карамакаршылыктарды жоюуга багытталган «Кыргыз  Республикасынын  кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул туурасында ЖК басма сөз кызматы билдирет.

Мыйзамдын 5-беренесинин 2-абзацына ылайык, аудиовизуалдык чыгармаларды цензурадан өткөрүүгө жол берилбейт. Ошону менен бирге, анын 6-беренесине ылайык, учурдагы конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө, мамлекеттин эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн бузууга чакырган; согушка, зомбулукка жана ырайымсыздыкка үгүттөгөн; улуттук, этностук, рассалык, социалдык, диний кастыкты тутандырууга багытталган; улуттук же тектик артыкчылык, сабырсыздык жөнүндө, ошондой эле порнографиялык мазмуундагы сценаларды фильмге киргизүүгө жол берилбейт.

Ошондон улам, мындай карама-каршылыктарды жоюу максатында, «Аудиовизуалдык чыгармаларды цензурадан өткөрүүгө» деген сөздөрүнөн кийин «ушул мыйзамдын 6-беренесинде каралгандан башка учурларда» деген сөздөр менен толуктоо сунушталууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 − 68 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: