Menu

ИИМ орун басары Курсан Асанов Кытай Эл Республикасында өткөн эл аралык форумга катышты

Бөлүшүү:

Жакында Кытай Эл Республикасынын Ляньюньган шаарында өткөн “Укук коргоо органдарынын коопсуздук боюнча кызматташуусунун жаңы евразиялык аймактык көпүрөсү” аталышындагы эл аралык форумга катышып келди. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Бул эки күндүк эл аралык форумга 59 мамлекеттин өкүлдөрү катышып, анын ичинде Кыргыз Республикасы жана КМШнын курамына кирген мамлекеттер дагы бар. Кыргыз Республикасынын атынан ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Курсан Асанов барды.

Форумдун катышуучулары “Бир алкак- бир жол” долбоорунун негизинде иш-жүзүнө ашып жаткан бирдиктүү дорбоорлорду, укук коргоо органдарынын кызматташуусун бекемдөөнү талкуулашты. Андан сырткары, жогоруда аталган кытай тараптын геоэкономикалык доолборун иш-жүзүнө ашыруу транс-аймактык багытта негизги орунду ээлегендиктен экономикалык жактан жаңыланууну алып келээри айтылды. Кытай Эл Республикасы бардык транспорттук долбоорлорду колдошууда жана анын ичине Кыргызстан аркылуу өтүүчү Азия менен Европаны байланыштырган жол-транспорттук сунуш катарын толуктоодо.

Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Курсан Асанов тарабынан коопсуздукту камсыздоо мамлекеттер аралык кызматташууну бекемдеп, ар тараптуу сүйлөшүүлөрдүү жүргүзүүдө ийгиликтерди жаратып, коопсуз абалда гана экономика, соода, маданий жана башка чөйрөлөр жөнүндө кызматташууну бекемдөө болоору жана ушул учурда доолборлор ийгиликтүү ишке ашыш үчүн укук коргоо органдары өз өлкөсүнүн жарандарынын коопсуздугун камсыздоо керектиги баса белгиленди.

Ошондой эле, коопсуздукту камсыздоо менен эл аралык терроризм жана экстремизм сыяктуу жыйырма биринчи кылымдын чакырыктарына, эл аралык кылмыштуулукка, баңги кылмыштуулугуна, кибер коркунучка каршы туруу меселелерин карып чыгуу керектигин айтып, бул эл аралык кызматташтык терроризм менен экстремизмге каршы күрөшүүдө натыйжалуу курал болоорун билдирди.

Эл аралык форумдун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Курсан Асанов менен Кытай Эл Республикасынын коомдук коопсуздук министрлигинин башчысынын орун басары Хуан Мин менен жолукту. Жолугушуу учурунда эки тарап мамлекеттик туруктуулугуна доо келтирген кылмыштуулук менен күрөшүүнү күчөтүү жана колго алуу боюнча кызматташууну талкуулашты.

Ушуга катар эле, Курсан Асанов Си Дзинь Пин мырза тарабынан сунушталган “Бир алкак- бир жол” долбоору Кыргызстан аймагынан өткөн заманбап Уулу Жибек жолун элестетээрин билдирди. Ошондуктан Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков башында турган жетекчиликтер бул долбоорду толугу менен колдошууда.

““Бир алкак- бир жол” долбоорунун негизинде Кытай менен Кыргызстандын кызматтушуусу эки өлкөнүн мамилесин жакшыртууга жана өнүгүүсүнө чоң мүмкүнчүлүк берет. Бул долбоор эки өлкөнүн элдерине чоң жардамы тиет деп”,-министрдин орун басары Курсан Асанов баса белгиледи.

Мындай иш-чаралар эки өлкөнүн кызматташуусун бекемдеп, башка өлкөлөрдүн укук коргоо органдары менен биргеликте Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги тыгыз иштешип, эл аралык терроризм менен экстремизмге жана баңгикылмыштуулугуна каршы күрөшүүдө, эл аралык атайын жүргүзүлгөн операцияларды ийгиликтүү өткөрүүдө чоң мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле, бул меселе өлкө башчысынын көзөмөлүндө турат. Биз ар дайым туура эмес күчтөрдөн сактоону жана коопсуздукту камсыздоону колго алынууда”,-деп өз сөзүндө Курсан Асанов айтты.

Эки тараптуу жолугушууда Кыргызстандын аймагында жүргөн Кытай Эл Республикасынын жарандарынын коопсуздугун камсыздоо тууралуу сүйлөшүштү. Бул жолугушуу жылуу чөйрөдө өтүп, кызматташууну мындан ары күчөтүү керектигин билдиришти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − 73 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: