Menu

Адахан Мадумаров: “Жээнбеков менен Бабанов саясатчылар эмес, соодагерлер”

Бөлүшүү:

“Текебаев Кыргызстандагы мыкты парламентарий, анын деңгээлине жете тургандар саналуу эле болот”

— Текебаев камалганда Бишкектин четинде жарылган самолёттун ичиндеги жүк, президенттин үй-бүлөсүнө таандык экенин далилдеген фактыны алып келе жаткан экен деген сөз тараган. Кийин ал киши жактоочулары аркылуу документтин көчүрмөсүн көрсөтүп, түп нускасы бекем жерде катылуу деп жарыя кылды. Кийинки жылдын май айларында Текебаев абактан чыгат деген маалыматтар айтыла баштады. Ошол документ чыгып кетсе, баарыбыздын ишибиз бүтөт деп коркуп, бажыны көздөй өз кишисине тапшырып жаткан жокпу?

— Көздөй кишисин азыр бажыга алып барганы менен ал документ ошол бойдон кала берет. Эгер ошол документ далилденген болсо ал адамы жардам да бере албай калат. Керектүү инсандар билет, азыртан баштап эле мык менен кагып койгон. Эгер бизге тийишчү болсо ушулардын баарын аласың, көрөсүң деп даярдап коюшкан. Дагы бир саясатчыбыз “Эгерде мага мындан ары басым жасала берсе, анда мен баарын көтөрүп чыгам. Оригинал документтер башка жакта жатат. Мени жок кылууңар менен документтерди жок кыла албайсыңар” деп жарыя кылбадыбы. Бул шантаж кылган мамлекет болуп калды. Чындык үчүн күрөшкөндөр эмес, сен мага тийбесең, мен сага тийбейм деген мамиле. Телетаймашта деле Жээнбеков Бабановго “Мен айтпайын дедим эле, өзүң баштадың. Мен дагы айтууга мажбурмун” деп айтпады беле. Эгер ал айтпаса, бул дагы айтпайт болчу. Мына ушундай соодагерлердин заманы. Булар саясатчылар эмес, соодагерлер.

— Текебаевди күчтүү парламентарий деп мактап келесиз. Аны сиздин атаандашыңыз катары санашат. Текебаев тууралуу айткан ошол сөзүңүз атаандашты татыктуу баалообу же абакта жаткан адамга боору ооруп, жылуу сөз айтып коёюн деген пикир деп түшүнсө болобу?

— Ал киши абакта жатабы, эркиндикте жүрөбү, кызматта болобу бул сөзүмдү дайыма айтып келгем, айта берем. Усубалиев менен Масалиевдин мамилесин ал кишилер тирүү кезинде айттым, көздөрү өткөнүнө алдыңкысына 16 жыл болуп атат, менин көзүм өткүчө айтам. Текебаевдин инсандык касиетине, адамдык сапатына баа берип жаткан жерим жок. Депутат, парламентарийдин классикалык түшүнүгүндө ал киши өтө бийик адис. Мага канчалык каршы иштесе дагы айтам. Текебаев Кыргызстандагы мыкты парламентарий, анын деңгээлине жете тургандар саналуу эле болот. Алар да жетсе жетет, жетпесе жок. Ушуга бир мисал келтирейин. Дүйнөнү дүңгүрөткөн Чыңгызханга эч кимдин жебеси жеткен эмес. Ошого жаа менен тийгизип, бираз жаракат келтирген мергенди аскерлери кармап келгенде, аны коё берип, өзүнүн эң жакын жансакчысы кылып, жаачыларды үйрөтүүгө кол башчы кылып дайындайт. Ал душман катарында атты. Ал мергендин аты Жебе.

— Элдин баары сиз айткандай боло албайт да. Мисалы, бир казанда кайнап жүргөн Текебаев менен Атамбаев бири-бирин кечиргис сөөк өчтү душманга жетишине эмне себеп болду?

— Ортодогу сыр, менин сырымды бул ачып коёт деген коркунуч, тазалык эмес. Тирүү кезинде бири-бирине согуш ачууга даяр болуп олтурган Сталин менен Черчилль. Сталин каза болду, Черчилль “Эгерде менден 20-кылымдагы адамзаттын ичиндеги эң улуу инсан ким деп сураса, мен түк ойлонбой туруп Сталин деп айтам” деп пикирин айтты. Мына, берген баасы. Рузвельт менен Черчилль бириксе Сталин алсыз болуп калмак. Экөөсү “Эмне үчүн Сталин жыйынга дайым кечигип келет? Ал келгенде эмне үчүн бүт зал көтөрүлүп турат? Биз эмне үчүн ордубуздан турушубуз керек? Биз деле империянын жетекчилерибиз. Биз дагы ордубуздан турбай коёбуз” деп сүйлөшүп олтурушат. Эшик ачылып Сталин кирип келгенде экөөсү тең ордуларынан турушкан. Адамдын кадыр-баркы, сый-урмат. Болбосо алар элдешкис жоолор. Бирок, алар улуу инсандар. Элчилерди жыйнап алып, каргыш айта турган инсандар эмес.

— Бакиевди бийликтен кетирүүдө Текебаев менен Атамбаевден өткөн ынтымактуу адамдар жок болчу да? Кеч болсо да Текебаев “Буларга караганда Бакиев адам экен” деп айткан эле…

— Чогуу чай ичпесе курсактары тойбойт эле. Тилекке каршы ушундай болуп калды.

— Эртең мамилеси кандай болуп кетиши мүмкүн деп ойлойсуз?

— Ар биринин адамдык касиетине жараша болот.

— Жээнбеков туура айткан экен, Бабанов шайлоо бүтөрү менен качып кетти…

— Ал ошондо эле белгилүү болбодубу? Ага чейин сары майдай катып жүргөн да. Сен мага каршы чыкпаганыңда жашай берет элең деген ишаарат.

— Жээнбеков ошол теле таймашта “Коррупция менен мен күрөшөм, 25 адамдын тизмеси бар” деп айтканын баарыбыз эле көргөнбүз. Эми ошол адамдар менен күрөш жүргүзө алабы?

— Конституция боюнча Жээнбековдун андай укугу жок. Укугу болгон күндө дагы ага мүмкүнчүлүк бербейт. Себеп, 54 пайыздын баары коррупциялык жол менен жасалды. Ал өзүнүн кадыр-баркы, элдин сүйүүсү менен жаралган жок. Мен, мага деле биз каржылап берели деген адамдар бар, аларга көзкаранды болуп калгым келбейт деп эмне үчүн жарыяладым? Ошон үчүн бир мүнөт дагы теледен чыккан жокмун. Алар эмес “дайым сизди сыйлайбыз” деген журналисттер гезитине бир барак жазып коё алган жок. Журналисттер дагы коррупционер деген бийликте отурган азаматтарды мактап калды. Журналисттер да сатылып кетишти. Эл акчага сугарылат. Ошон үчүн баары аралашып бүттү деп жазбадымбы.

“Бабанов мага беш тыйын акча бергиче, Кыргызстанга беш тоголонуп кетет”

— Шайлоого каражат таппай, Бишкектен чыга албай жаткан Мадумаров деле бирөөдөн акча алгандан кийин эл менен жолугушууга чыкты деген сөздөр айтылбадыбы?

— Ким ошол сөздү айтты? Мен Кыргызстандан бир кадам сыртка чыкканым жок. Жайда эле ким даяр болуп, өздөрү уюшулуп чакырса, ошол жерге барам деп айткам. Мен бардым. Бир жерде бир кесе чай куюп бердимби?

— Бабановдун акчасы менен Кыргызстанды кыдырып чыга баштады деген сөз тарады?

— Бабанов мага беш тыйын акча бергиче, Кыргызстанга беш тоголонуп кетет. Бир нерсени ойлонуп, жакындатып сүйлөш керек. Мадумаров бирөөдөн беш тыйын да албайт. Канчалаган жигиттер биз көтөрүп берели деп келишти. Аларды дагы акырындык менен уяткарып, кабинетимден чыгарып койдум.

— “Мен макул эмесмин” деген кыймыл менен жаңы күрөштү баштадыңыз. Келечектеги күрөшүү ыкмасы кандай болот?

— Келечектеги күрөш “Ушул бойдон жашай бер же бир нерсеге аракет кыл!” деген менен уланат. Кечээ эле кыргыз жүгүн мойнубузга алабыз деп президенттикке чыккан азаматтардын баары макул болуп, унчукпай туруп калды. Алар үчүн күрөш токтоду. 15-октябрь күнү шайлоонун жыйынтыгы чыкканда кесиптештериңер келип “Мындан ары эмне кыласыз?” деп сурады. Бул күрөш бүттү, жаңы күрөш башталды дедим. Ошондон бери күрөш башталып келе жатат. Миллиондогон кыргыздын үнүн басып коём дегенде мен макул эмесмин! Кыргыз куржунуна тыйын төгүп, сыртта иштеп жаткан азаматтарды киши катарында санабай койгонуна мен каршымын! Казакстанда болсо казак полициясынын, орустарда болсо орус полициясынын колуна өз жарандарын салып берген элчилик менен консулдуктарда иштегендерге мен макул эмесмин! Екатеринбургда Кочкордо туулган келин бар экен. Ошол “Балам туулгандан бери сиз деп келатам, сиз деп кетем бул өмүрдөн. Менин балам дагы Мадумаровго добуш берем деп барса, полицияга салып берип, эки бутуна чапкан экен, көгөрүп шишиги кетпей жатат” деди. Бул эмне деген айбандык? Ушунун баарына макулсуңбу сен кыргыз? Жээнбековдон башкасына салам дегендерди сүрүп чыгарып койгонун көргөн азаматтар азыр макул болуп олтурушат. Алар ким үчүн күрөштү? Азыр дагы тымпыйып олтуруп алып “Рахмат, сиз бизди бышырдыңыз” деп ыраазы болуп жатат. Аларга эл электорат экен да. Электорат деген эки гана саат болот. Мен ар дайым кыргыз жарандары деп сүйлөйм. Эл түбөлүк болот. Ошон үчүн “Мен макул эмесмин!” деген кыймыл жаралган. Бул эл аралык деңгээлге чыгып баратат. Түштүк Кореядагы, АКШдагы жарандарыбыз дагы колдоого алып жатат. Жакында АКШдан “Келип кетиңиз” деген чакыруу алдык. Анан кантип чыдап олтурасың? Азыркы президент жалпы кыргыз шайлоочуларынын болгону 32 пайызын алып олтурат. Андай президентке мен макул эмесмин! 68 пайыз каршы, 32 пайыз макул болуп жаткан адам кыргыздын лидери, жетекчиси боло албайт. Андай көрүнүшкө каршымын!

Маектешкен Наралы Асанбаев

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: