Menu

Тажикстан жараны Петербургда теракт уюштурууга даярданган деп шектелүүдө

Бөлүшүү:

АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгынын Санкт-Петербург шаарында пландалган теракт тууралуу маалыматынын жардамы менен кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы 17-декабрда билдирди.

Маалыматка караганда, кармалгандардын арасында Тажикстандын жараны да бар.

17-декабрда Санкт-Петербургдун Смольнинск райондук соту мыйзамсыз курал сатууга шектелип кармалган үч кишини камакка алуу чечимин чыгарган. Тергөөнүн маалыматы боюнча алардын Питердин Казань соборунда теракт даярдоого шектелген адамдарга байланыша бар.

Соттон билдиришкендей, курал-жарактарды, анын ичинде жардыруучу заттарды мыйзамсыз сатууга шектелип кармалган дагестандык Шамиль Омаргажиев, ингушетиялык Алисхан Эсмурзиев жана тажикстандык Фируз Калавуров 2018-жылдын 14-январына чейин камакта болушат.

Мурдараак Казан соборунда жардыруу уюштурууга даярдык көрүшкөн деген шек менен Санкт-Петербургда Орусиянын Евгения ЕФимов жана Антон Кобец аттуу эки жараны кармалган.

Орусиянын президенти Владимир Путин АКШ президенти Дональд Трамп менен болгон 17-декабрдагы телефондук сүйлөшүүсү маалында америкалык чалгын кызматтын маалыматы Санкт-Петербургда пландалган терактын алдын алууга жардам бергенин белгилеген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 8 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: