Menu

Сот адилеттигинин жогорку мектебине жаңы жабдуулар берилди

Бөлүшүү:

14-декабрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окуу залында мекеменин  материалдык-техникалык базасын  жакшыртуунун алкагында жабдууларды тапшыруу аземи  болуп өттү. Бул туурасында Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирет.

Бул техникалык жардамды –  JCI тарабынан ишке ашырылуучу “Кесипкөйлүктү жогорулатуу” Компоненти жана IRZ тарабынан ишке ашырылуучу Электрондук сот адилеттиги боюнча Компонентинин ишинин алкагында, Европа биримдигинин “Кыргыз Республикасында укук үстөмдүүлүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү” долбоору  көрсөттү.

Аземге “Кыргыз Республикасында укук үстөмдүүлүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү” Европа биримдиги долбоорунун өкүлдөрү – Радость Тофтисова Маттерон, Кристоф Копецки, Залина Абдулхафизова, долбоордун эл аралык эксперти, Германиянын отставкадагы судьясы – Манфред Верт, Сот адилеттигинин жогорку мектебинин кызматчылары катышышты.

Жалпы суммасы 2,5 миң АКШ долларына  видеокамера, фотоаппарат, факсылык аппарат, микрофон түрүндөгү жабдуулар окутуу иш чараларды уюштуруу жана  өткөрүү процессин келечекте өнүктүрүү жана өркүндөтүү үчүн тапшырылды.

Сот тутумунун кызматчыларынын укук, этика жана кесипкөйлүктү жогорулатуу жаатында окутуу жана ар түрдүү тренингдерди өткөрүүдө колдоо жана өз ара кызматташууну расмий бекемдөө максатында, Европа биримдиги каржылаган “Кыргыз Республикасында укук үстөмдүүлүгүн бекемдөөгө көмөктөшүү” долбоору жана Сот адилеттигинин жогорку мектебинин ортосунда  өз ара мамилелер жөнүндө Меморандум 2015-жылдын 9-апрелинде түзүлгөндүгүн белгилейбиз.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 + = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: