16-июнда саат 21:20лар чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, Таш-Көмүр шаарында Бишкек-Ош каттамынын 430-435-чакырымдары жабылып калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жолго шагыл жана башка калдыктар түшкөн. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес. №38 жол тейлөө ишканасы тазалоо иштерин жүргүзүп, 17-июнга караган түнү жол бир тарапка ачылды. Азыр каттамды кеңейтүү аракеттери уланууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ