Menu

Азимбек Бекназаров, мурунку башкы прокурор: «Текебаев акыры чыгат, чыкканда да Баатыр болуп чыгат»

Бөлүшүү:

 

Эки революциянын бульдозери Азимбек Бекназаров көптөн бери азыркы саясий кырдаал боюнча кенен маек бербей жүрдү эле. Көрсө, бүгүнкү күнгө, тагыраагы 24-мартка чейин мойнуна камчы салып, бир кездеги досу, азыркы президент Алмазбек Атамбаевди кечиримдүүлүккө чакырып, кеч боло электе ойлон деп сөз берген экен. Ошол сөзүндө туруп үн катпай аюудай болуп жаткан тура. Бүгүн бульдозердин мойнундагы камчысы алынып, саясий абалды, ачуу чындыкты айкырта айта турган күнү. Бул биринчи гана маек. Жакында Азике чоң билдирүү менен чыкканы туру.

— Азимбек Анаркулович, Аксы окуясынын 15 жылдыгын белгилеп, элдик жыйын өткөрүп келдиңиз. Жыйынга катышкан эл бийликтен эмнени талап кылды?

— Аксы окуясына 15 жыл болду. Элдик жыйындын темасы да “Аксы окуясына 15 жыл, бийлик Аксы окуясынан сабак алдыбы?” деген болду. Негизги максат Аксы окуясында курман болгон балдарды эскерип, куран окутуу эле. Аксы окуясында курман болуп, жарадар болгондордон сырткары миңдеген адамдар тирүү. Элге командир болгондору эл арасында эле жүрөт. Ош, Бишкекке чейин келгендери, кылмыш иш козголуп, камалып чыккандар бар. Мына ошолор жыйналышып, өздөрү “Балдарыбыз өлгөнүнө карабай чоң жеңишке жеткенбиз. Акырында Акаевди өлкөдөн куудук!” деп эскеришип алды. Жыйындын аягында Бакиевдин бийлиги да, азыркы бийлик да сабак алган жок деген тыянакка келишти.

— Азыркы президент Алмазбек Атамбаевдин Түркияда качып жүргөн жеринен Кыргызстанга кайтып келишине Аксы окуясы себепкер болгонун досуңуз өзү да айтып жүрөт. Ошол учурда Атамбаев Боспиекке тургузулган эстеликке өз салымын кошконбу? Эстелик тургузуу үчүн ошол учурдагы оппозиция чоң салым кошподу беле?

— Ал эстеликти тургузууда дагы көптөгөн кыйынчылыктар болгон. 15 депутат өз айлыктарын бөлүп берген. Эл салым кошкон. Эстеликти Казакстандан алып келе жатканда, Осмонакун Ибраимов Курдайдан өтүп жатканда таштагы жазууну өчүртүп салган. Эстеликтин ачылышына Атамбаев барып катышкан. 35 миң сом таштап кетиптир. Анда комиссия түзүлгөн болчу. Адаханга берген экен ошол кошкон. Жогорку Кеңештин төрагасы болуп турган Абдыганы Эркебаев баштаган бийликтин өкүлдөрү да барган. Бир тобу сүйлөсө, бир тобу сүйлөбөй качып кеткен. Ал кезде Аксы окуясын бүгүнкүдөй болуп баары бир добуштан тааныган эмес. Бийлик тарабынан “Масалиев баштаган тополоңчулар уюштуруп, ушулардын айынан балдар өлдү” деген саясат жүргүзүлүп келген. Атамбаев ошол убакта Түркияга качып кеткен экен, аксылыктар көтөрүлгөндө кайтып келген. Аксылыктар Бишкекке келгенде Атамбаев бир тобуна отун-суусун, күрүч-майын, тамак-ашын, жатаканасына чейин камсыздап бергени чындык. Мен муну дайыма айтып жүрөм. Ал убакта кыргыз эли ачык экиге бөлүнгөн. Бир тарабы Бекназаров үчүн эмес, кыргыз жери деп күйгөн. Оппозициянын өкүлдөрү депутат болчу. Элдин ишенгени да депутаттар эле. “Бекназаров Үзөңгү-Куушту көтөргөнү үчүн аны колдош керек” дешкен. Себеби, Азимбекти алдырып койсок Үзөңгү-Куушту алдырып коёбуз деген. Мен Үзөңгү-Кууш маселеси карала элегинде алып чыккам. Бийлик ага чейин бул маселени карап койдук деп жаткан. Мурунку депутаттар караганы жасалма болуп чыгып калган. Азыркы президент аксылыктар менен чогуу жүргөнүн танбаш керек. Премьер-министр, президент болдубу Аксы окуясына көңүл буруп келет. 6 жыл президент болуп олтурса 4 жолу өзү барды. Эки жолу Указ чыгарды. 10 жылдыгында өзү барып музейдин ачылышына катышып, биринчи Указын чыгарса, 2016-жылы Аксы окуясын түбөлүк калтыруу боюнча Указын чыгарды. Бул фактыны айта жүрүшүбүз керек. Бирок, ал кандай максатта жардам берди, өзүн куткаруу үчүн жардамын берип келаткан жокпу дегенди Атамбаевдин өзүнөн сураш керек. Менин байкашымча ал чын жүрөгүнөн жардам берип келатат.

— Аксыдагы жыйынга “Ата-Мекендин” депутаттары барып сөз сүйлөдү. Ошол эле күнү Базар-Коргондо Текебаевди колдогон митинг болду. Ал митингге депутаттар менен чогуу аксылыктар да кошулат деген маалымат чыгып кетти эле. Аксы окуясын эскерүүгө барган элди саясатташтыруу аракети болдубу?

— Ошондой сөз болуп, ушак тарап, Аксыга бараткандын бир тобу Базар-Коргондон кармалып, алардын машинасын тартып алуулар болду да. Бийлик тарабынан Аксыга бараткандарга тоскоолдук болгон жок. Мен жеке өзүм айрым адамдар менен сүйлөшкөнүмдө коё беришти. Базар-Коргондо жүргөн адамдарды чындыгында кармашты. Аксы окуясын пайдаланабыз, саясатташтырабыз деген аракеттер болду. Мен аны байкап эле турдум. Аксы элин өзүң билесиң да. Аларга жол берген жок. Тарыхый нерсени айтты, куран окутту да аларды жолго салып койду. Өздөрү деле аксылыктар андайга алдырып жибербей турганын билишет да. Баргандарды сыйлады, рахматын айтышты. “Ата-Мекендин” депутаттары барышып, камакта жаткандар тууралуу сүйлөштү. Аксы эли дагы аларды камабай эле сурай бергиле дегенди колдошту. Таптакыр эле бошотуп койгула, күнөөсү жок деп эч ким айткан жок. Президенттен өзүңүз ушулар менен кошо жүрөсүз, мурда кайда жүрдү эле, эми сөзсүз камаш керек беле, биз дагы Азимбекти түрмөгө камабай эле үй камагына чыгарып кой деп суранганбыз, булар дагы ошону эле кайталап жатат деп суранды. Саясатка айлантып жиберүү максаты болгон жок. Биз сүйлөй турган талаа жасап бердик, эркин сөз болду. Экинчи жагы, ушул бийликтен коркуп кээ бир адамдар барган жок. Биз ал жерге барсак, Текебаевди колдоп барып калган болобуз дешип өтө сактык менен кээ бирлер жолдон кайтып кеткендерин да уктум.

— Сиз айтып жаткандай бул жерде окшоштук бар. Сиз камалганда аксылыктар үй камагына чыгаргыла деп талап койгон. Текебаевдин тарапташтары да үй камагына чыгарып, андан кийин сурай бергиле деп жатат. Депутат Бекназаровду үй камагына чыгарбай койгондон улам Аксы окуясы болгон. Депутат Текебаевди дагы үй камагына чыгарбай койсо ошондой окуя болуп кетпейби деген чоочулоо бар да?

— Туура, мыйзамдуу талап. Мен да үй камагына чыгарып кой деп айтып жатам. Бул мыйзамга да туура келет. Себеп дегенде 7 жыл мурун болгон окуя деп арыз жазылып жатат. Майда 7 жыл болот экен. Алдамчылык беренесинде 7 жыл өткөндөн кийин “срок давности” деген бүтөт. Май айында Текебаев соттосо да, соттобосо да чыгат. 7 жылдан кийин козголбогон иш козголбойт, козголгон иш кыскартылат. Шектүү киши 7 жылдан бери эмнеге арыз жазган жок? Букеева дагы ошондой болгон да. Маевский менен Букеева окшош фигура. Акаев менен Атамбаев окшош. Эл үй камагына чыгарып коюп сурай бербейсиңби десе болбой жатат. Каалайсыңарбы-каалабайсыңарбы Текебаев юридикалык жактан май айында чыгат.

Бул бийлик чыгарбай койсо деле кийинки бийлик келип, Текебаевге “срок давности” колдонулбай калган деп жаңы жагдай менен чыгарат. Кылмыш болгон күндө дагы. Мен кылмыш болгон эмес деп ойлойм.

— Бул бийликтин кандай болсо да камоо максаты болсочу?

— 12 максаты болсо дагы, 12 ажыдаар болуп кетсе дагы чындык деген бар. Убактылуу жатышы мүмкүн. Текебаев акыры чыгат, чыкканда дагы Баатыр болуп чыгат. Бул боло турган нерсе. Ушул болуп кетпеши үчүн ага коррупция деген беренени коюп коюшту. Коррупцияны чаптасаң да жармашпайт. Эмне үчүн дегенде, орус менен Текебаевдин ортосунда жакын мамиле жок. Алар бири-бирин жакшы деле тааныбайт. Орус деле ошентип айтып жатат. Булар туруктуу кылмыш жасаганга бирге турган эмес. Бул кылмыш ишке караганда жарандык ишке жакын. Текебаев “Мегаком” сеники болсо алып берем деп айтса айткандыр. Тиги алып бере албай калдыңбы, менин тыйынымды кайры деп сураш керек эле да. Товар сатып алам деп тыйын берсе, товар бере албай калганда тыйынымды кайры дегендей эле болуш керек эле. Ошон үчүн Атамбаев буга 6 жылдан бери кылмыш иш козготкон эмес. Август айында Текебаев мунун реформасын колдобой койгондон кийин тиреш башталды. Текебаев башкаларга окшоп жатып албай, парламенттин трибунасын пайдаланды. Колунан келишинче Атамбаевден ашырып сокту. Аялына чейин асылды. Путин келатканда “Сени президент десем, тиги күндө эле согуп жатат. Колуңдан бир нерсе келеби?” дегендей кылып койду окшойт. Атамбаев “Бул жерде мен президент” деп койду. Кожоюнуна Кыргызстанда мен кожоюнмун деп көрсөттү. Бул менин жеке пикирим. Кандай болбосун Атамбаев күнөөлүү. Бийлик күнөөлүү болот. Анткени, алдамчысы да, кылмышкери да, уурусу да бийликтен үмүт этет. Бийликте турган адам ар бир камалган адамга ыйлаш керек. Мен президент болуп турганда бул эмнеге камалды? Туура эмес саясат жүрүп жатабы? Мыйзамдар туура эмеспи? Эмне үчүн уурулук, коррупция көп? Ушундай суроолорго жооп издей турган нерсе. Айрымдар президент Текебаевди камаганы үчүн сүйүнүп алыптыр деп айтып жатышпайбы. Тескерисинче, ал мени менен үзөңгүлөш жүргөн адам кантип ушундай кылмышка барды деп ыйлаш керек болчу. Эгер барганы чын болсо. Бизде болсо тескерисинче. Дагы деле укукту, мыйзамдуулукту түшүнө электигибиздин белгиси. Көчөдөгү мен сени согуп салам деген деңгээлден өйдө көтөрүлө элекпиз. Анан журналисттерди жалган маалымат жазып жатат деп сөгөбүз. Журналистке ким тыйын-тыпыр берип жаздырып жатат? Биринчи кезекте Сегизбаев, СНБ баарын шыбатып соктуруп жатпайбы. Бийликтин партиясы жаздырып жатат. Калгандары карап турат беле? Президент журналистти сөккөндөн көрө, аны жазалабай эле анын себебин издеш керек эле. Эмне үчүн менин деңгээлимде, ушактын деңгээлинде кылмыш иштер ачылып, журналисттер ушак жазып калды деп өзүн күнөөлөш керек болчу. Ким жаман атты болот? Атамбаев да Акаевге окшоп качып калышы мүмкүн. Ташиевдин, Келдибековдун, Асановдун, Кадыровдун, Текебаевдин ишине Атамбаев өзү жооп берип калышы ыктымал. Бүгүн Текебаевди жек көргөндөр туура болду деп айтып жатса, Атамбаевди жек көргөндөр туура эмес болду деп айтып жатышат. Бул жагына, тиги жагына да күлбөш керек. Адамдын башына жаман нерсе келип турганда, эч качан жаман нерсеге бербөө зарыл. колдон келсе колдоп, калыс сөзүңдү айтып кой. Душманың болсо дагы ошого барыш керек. Бул ата-бабадан келаткан султандык болот.

— Эки санаалаштын ортосунда кандай талаш-тартыш болуп жатканы түшүнүксүз болуп жатпайбы. Эл деле эки анжы болуп ортодо эле калбадыбы?

— Экөөсүнүн талашы эмне экенин мен да түшүнбөйм. Акаев экөөбүз Үзөңгү-Кууш үчүн тирештик. Экөөбүздүн тирешибиз ошону менен калды. Атамбаев менен Текебаевдин эрегиши эмнеден улам болгонун чындыгында эл дагы түшүнбөй калды. Экөөсү 6 жыл бийликте олтурду. Каалаган прокурорун коюшту, каалаган адамын чогуу каматты, Конституцияга каршы нечендеген мыйзамдарды жазды. Тескерисинче, экөөсүн сындап “Унчукпай коюуга укугум жок” деп мен жүрдүм. Аягына келип эки дос тарс эте түштү. Болгондо дагы экөө коалицияда бирге чогуу турушуп. Мен үчүнчү күчтүн таасири деп ойлойм. Булар Кыргызстандан сырткары күчтөр. Кыргызстандын демократиялык өнүгүүсүнө, стабилдүүлүгүнө, экономикасына, саясий эгемендүүлүгүнө каршы сырткы күчтөр күчтүү. Биринчиси Россия, экинчиси Бакиевдер, үчүнчүсү Акаев. Булар чоң күч. Азыр Россиянын саясаты мурунку Союзду бир үй-бүлөгө камаш. Ал жакта Россиянын таасирин кармап калыш керек. Буга революциялык күчү бар өлкөлөр баш ийбейт. Алар Украина менен Кыргызстан. Кыргызстанда революциячыл күчтөр бар, ошолорду таптакыр жок кылбайсыңбы деген саясат жүрүп жатат. Муну биздин эл түшүнө элек. Революциялык күч, аракеттер, кыймыл жугуштуу болот. Эртең андан нары кетиши мүмкүн. Өмүр бою бийликте отурам дегендерге бул жакпай турган нерсе. Менин жеке оюмча Атамбаев ошолордун ырын ырдап жатат. Парламентте олтурганын жайлап коём, дагы экөө-үчөө бар, аларды дагы жакында жайлайм деди. Дүйшөн Чотонов деген ким? 2005-жылы Ош облусунда революциянын башында турган киши. Бектур Асанов ким? Ал Жалал-Абадда революцияны орноткон киши. Жалаң революциялык күчтөрдү талкалап жатпайбы. Убактылуу Өкмөттүн баарын сөктү. Азыр жалгыз өзү калды. Акаев “Бир автобуска салып айдап ийсе болчу топ бар” деп айтчу. Акаев автобуска салып айдай албай калды, Жаныш автобуска салдырып жардыра албаган адамдарды Атамбаев өзү бирден жок кылып жатат. Ошон үчүн Путинге “Эки революцияны мен кылгам. Үчүнчүсүн кылбайм” деп билдирди. Ушулардын баарын анализдеген кишиге Атамбаев сырткы күчтөрдүн буйругун аткарып жатат. Акаев, Бакиев экөөсү тең интервью берди. Аларга да жөн жатпай, тигил жактагы адамыңарды көтөргүлө, өч алгыла деген тапшырма берилди. Сегизбаев деген ким? Сегизбаев 2005-жылы март революциясынын жабырлануучусу. Ал эртеби-кечпи революционерлерден өч алам деп жүргөн киши. Жетинчи кабаттан сүдүрөлүп түшкөн. Анын жан дүйнөсү революцияга каршы. ФСБнын саясий буйруктарын аткарып жатат. Бүгүн Атамбаевдин кеңешчиси жок. Мүмкүн, сен муну аткарбасаң, өзүңдүн аталаңды чыгарып коёбуз деди. АКШны ызы-чуу кылып жаткан хаккерлер эки күндө эле Атамбаевдин маңкасын чубап койбойбу.

— Сизди эки революциянын “бульдозери” деп атап келет. Алмаз досуңуз “Эки революцияны тең мен жасагам” деп айтты. Ушул сөздөн кийин сиз ким болуп каласыз?

— Аман болсун. “Эки революцияны мен жасагам” дедиби, революциянын жоопкерчилигин өз мойнуна алды. Ал үчүн рахмат. Ага чейин мени согуп жүрчү элеңер го. Бекназаров менен Сариев банк ячейкасындагы акчаны бөлүп алган деп айтып жүрүшкөн. Ошолорду да мойнуна алсын. Июнь окуясы болуп кетти. Аны да өз мойнуна алсын. “Мегакомдун” ызы-чуусуна жооп берсин. Бирок, мен ага “Мегакомду” 7 жылдан бери чыныгы ээсине бербей эмнеге кармап олтурасыңар деп айтып жатпаймынбы. Бул мындан да ырбай берет. Маевскийлерден ондогондор пайда болот. Анткени бул ээси жок туру. Ар ким сугун артып, бийликке чуркай берет. Революционер болсо ээсине берсин. Революциянын ээси адилеттүүлүк, акыйкаттык болот. Максим менен Елисеев рейдерлик кылган мүлктөрдү ээсине кайтарып бериш керек. “Мегакомду” алар рейдерлик кылып тартып алган. Бул боюнча кылмыш иш Биринчи Май райондук сотунда дагы деле жатат. Ким аны каратпай жатат? Эмне үчүн ушул убакка чейин каралбайт?

— Революциянын автору Атамбаев же Бекназаров эле болбосо керек?

— Биринчи жана экинчи революциянын автору Акаев менен Бакиев. Революциялык кырдаалды ошолор жараткан. Алар элдин кыжырына тийген. Эл кыжырданып турганда, аларды баштай турган “Вожак” чыгып элди ээрчитет. Революцияны эл жасайт. Ленин менен Сталин элди ээрчиткен. Николай падышасы элди кырып ошол абалга алып келген. Ошон үчүн революциянын биринчи жаратуучусу бийлик өзү болот. Эгер азыр революция болсо, анын жаратуучусу да Атамбаев өзү болот.

— Сиз өткөн жылы “Революция жасаганга кудуретим да жетет, демөөрчүлөрүм да бар” деп айттыңыз эле. Революция жасоо оңой ишпи?

— Эгер дух болсо, элдин турмушуна жан дүйнөң күйсө, өлкө башындагылардын жүргүзүп жаткан саясатына чын дилиң менен каршы болсоң революция жаратса болот. Элдин аң-сезимине эмне үчүн “КыргызГаз” кетип калды, эмне үчүн “Кумтөр” алынбай жатат, эмне үчүн Уңгар-Тоо кеткени жатат дегендерди айтып жеткире алсаң, ошондо гана эл бул бийликтин эмне кереги бар деп чыгат. Эл мен үчүн эмес, кыргыздын жери, кыргыздын байлыгы үчүн чыгат. Бүгүн ушул маселени көтөрүп, ачык айткан саясатчы барбы? Эл дагы ишенбей калды. Ошондой шарт бар, элди ээрчите турган “Вожак” жок. Бакиев кандай кеткен болсо, азыр эч нерсе өзгөргөн жок. “Революциядан кийин эмне өзгөрдү?” деген суроо коюлушу керек да. Бүгүн эл аны айтпайт, тажап бүттү. Дагы бир жолу кан төгүлгөндү эл каалабайт. Мен дагы кан төгүлгөндү каалабайм. Бийликтин кемчиликтерин айтып туруу депутаттардын милдети. Биз Абсамат Масалиев, Дооронбек Садырбаев баштаган депутаттар кайсыл гана жерге барбайт элек. Парламенттин трибунасынан Акаевдин бийлигин сындап турчубуз. Кетирген кемчиликтерди көрүп туруп, унчукпай олтуруу да чоң кылмыш. Бул өз элиңе кылып жаткан чыккынчылык. Акыркы эки жолку чакырылыштагы парламент Атамбаевден дагы жогорку чыккынчылык кылып жатат. “Кумтөрдү” кайрып алуу Атамбаевдин иши эмес, депутаттардын иши. Сегизбаевди ооздуктап коюу да депутаттардын колунда. Ал Өкмөттүн мүчөсү. Депуттар иштей албагандыктан, Сегизбаев аларды адам ордуна көрбөйт. Атамбаев аларды тоготпогондой болуп, күндө бирден министрди кабыл алып президенттик башкаруудагы өлкөдөй болуп олтурат. ”Урматтуу президент, парламенттик республикага өтөбүз деп революция болгон. Башында сиз тургансыз. Биз парламенттик өлкөбүз. Сиз эмне үчүн биз шайлаган, биз отчётун уга турган министрлерди күндө чакырып алып, кош бийлик жасап жатасыз. Муну токтотуңуз!” деген депутат барбы? Азыр акча сураган ким? Атамбаев. Сот ким? Атамбаев. Прокурор ким? Атамбаев. Милиция ким? Атамбаев. Тергөөчү ким? Атамбаев. Парламент ким? Атамбаев. Президент ким? Атамбаев. Ооруп жатат деп жазып жатасыңар. Ушунун баарын бир адам кантип көтөрөт? Анан ооруйт да. Окшоштук деп айтып жатасың. Бакиев өзүнүн аппарат башчысын иштетип туруп тирүүлөй өрттөп жиберди. Атамбаев болсо аппарат башчысын иштетип туруп соттоп жиберди. Бакиев үзөңгүлөш революционерлерди иштетип туруп баарын айдаган, Исаковду соттогон. Атамбаев дагы өзү менен чогуу келгендердин баарын айдап, Текебаевди камап олтурат. Мен аягы окшош болбосун, кан төгүлбөсүн деп жатам.

— Эки жыл мурун президенттикке барам деген оюм бар дедиңиз эле. 6 ай убакыт калды, ошол ниет дагы деле барбы?

— Барам деген ниет бар. Бирок айта элекмин. Барам дегенде журналисттерди чакырып, мен дагы аттандым деп айтам. Аттанбай калышым да ыктымал, аттанып калышым да мүмкүн. Мен айрымдарга окшоп президенттикке түбөлүк талапкер болгум келбейт. Аттансам жеңишим керек. Жеңе албаймынбы, аттанбайм. Мен аны жаман көрөм. Бүгүн бийликте Атамбаев турганда күзүндө эч ким ута албайт. Күзүндө Конституциясын кандай өткөрүп алган болсо, бул жолу да мураскерин ошондой тынч эле өткөрүп алат. Анын мураскери сөзсүз болот. Аны биз мойнубузга алышыбыз керек. Кайсыл бийлик болбосун мураскерин калтырат. Атамбаев да бир адамга ставка койгонго укуктуу.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 6 = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: