Menu

Бечел депутаттар арбыныраак

Бөлүшүү:

Эмне үчүн акыркы убакта парламенттеги депутаттарга элдин көңүлү толбой жатат? Бул суроонун жообу анда эмесе мындай. Анткени бизнес чөйрөсүнөн келген эл өкүлдөрү дайыма алактап коркуп турат. Өзүнүн гана бизнесине коргоочу болуп келген эл өкүлү кантип чындык кебин айта алсын? Антсе эле казгычтар жеңин түрүнө тигинин артын чукуп жиберишери турган иш да? Ошондуктан жөтөлсө да, чүчкүрсө да эч кимге угузбай, оозун кымтыланып,кубулуп  турганынын жөнү ушуга кептелген.

Ошол эле  Н. Алимбеков, Д.Исаева, И.Пирматов, А.Жапаров, А.Маматов,  И.Сарсейитов жана башкалардын коррупция менен күрөшөбүз дегени болбогон эле сөз. Ал эми логикасы кенен эмес депутаттар болсо эч убакта өз алдынча көз карашын толук кандуу түшүндүрүп айталбайт. Ага дарамети жетпейт. Бир жолугушууга барса да кагазда жазылган сүйлөмдү дурустап окуй албай ынтыгып,онтолоп кишини жүдөтүп жиберет.  Чыкыйга бара мык каккандай сүйлөгөн Рыскелди Момбековдун, Асылбек Жээнбековдун, Каныбек Иманалиевдин, Карамат Орозованын, Чыныбай Турсунбековдун, Махабат Мавлянованын аргументтерине  кантсе да элибиз   кулак төшөйт.  Анан орто жоон болгон эл өкүлдөрү болсо эптеп бирдемкени чүргөп жеткирүүгө  аракет кылышканын деле тыкыр байкап турабыз.  Кандай болгон күндө да мыктысынан бечели арбын парламентти өзүбүз шайлаганбыз. Эгерде баары эле акактай таза, сөздү жүрөккө жеткире таамай айткан оратор болуп кетсе алда качан алдыга карай өнүгүп кетмекпиз.   Не кылмак элек, жакшылыктан күдөр үзбөй оокатыбызды кыла берели.

Булак:  “Ачык сөз”

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: